Өмүрбек Текебаевдин ЖК жыйынында “президент айылчылаганын токтотсун” деген сөзү узун элдин учугуна жеткен эле. Кесиптештеринин расмий сапары тууралуу Өмүрбек мырзага суроо узатканыбызда, төмөндөгүдөй оюн билдирди.
– Эл эсебинен айылчылаганды токтотуу туурасында айтканым жеке президентке гана эмес, жалпы республикалык жетекчиликке, депутаттарга да тиешелүү. Мамлекет аралык иш сапарлар тартипке салынышы кажет. Биздин тышкы саясаттын бирдиктүү концепциясы, бирдиктүү тапшырмалары, бирдиктүү планы болушу керек. Ушуга ылайык, парламент, өкмөт атынан мамлекеттик сапарлар өзгөчө даярдалышы зарыл. Ой-максаты, жыйынтыгы жок сапарларга жөн гана “айылчылоо” деген статусту берем. Андайларды токтотууга тийишпиз.