Бир бүркүм... АК ИЛБИРС КОРГООГО АЛЫНАТ...

  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту Водолаз деген лакап аттуу криминалдык авторитет Максат Абакировду 2 жыл 3 айга эркинен ажыратты.
  • Монополияга каршы көзөмөлдөө агенттиги малдын этин экспорттоого бөгөт коюуну сунуштоодо. Анткени ички рыноктогу эттин тартыштыгынан улам анын баасы 23 пайызга жогорулаган.
  • “Алтын казып алуу менен алектенген “Centerra Gold Inc.” компаниясынын Кыргызстанга таандык акцияларын сатуу маселеси президенттик шайлоодон кийин каралат”,- деп билдирди президент Роза Отунбаева.
  • Ак илбирсти коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум 2012-жылы Кыргызстанда өтөрү белгиленди.
  • Түшүмдү жыйноо техникасы менен Кыргызстан 40 пайызга гана камсыз болду.
  • Эсенгул Өмүралиев буга чейинки өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин ордуна дайындалды.
  • Өлкөдөгү мечиттердин 15 пайызы катталбаса, ал эми имамдардын 72 пайызы тиешелүү билими жөнүндө эч кандай документтерге ээ эмес экенин Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү айтты.
  • Жаштар парламенти Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушуна каршы добуш беришти.
  • Казакстан Кыргызстандын жайыттарды башкаруу боюнча тажрыйбасын өздөштүрүп жатат,- деп Айыл чарба министри Төрөгул Беков маалымдады.
  • Аравандагы таксистти сабоо окуясы боюнча экөө кармалып, иликтөө иштери уланууда.
  • Өкмөт 24 улутташтырылган объектти мамлекеттин менчигинде калтырууну, ал эми 23үн менчиктештирүүнү чечти.
  • Социалдык коргоо министрлигинин айтымында, эми 19-майда Жалал-Абад облусунда болуп өткөн окуянын жабырлануучулары өкмөттөн материалдык жардам алышат.
  • ЖКнын фракция лидерлери 20-августка чейин айыл өкмөт жана шаар башчыларын шайлоону БШКга сунушташты.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан