БАТКЕН КАЗАКСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫ КОШО ТИТИРЕТТИ

20-июлга караган түнү саат 01:30 чамасында Баткен облусунда күчү 7-8 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп өттү. Зилзаланын очогу Баткен шаарынан 52 чакырым алыстыкта жайгашкан Совет айылында катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Жер титирөө муну менен эле токтолуп калбай, бир сааттан кийин 3,5 балл менен кайталанган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктан көз жумгандар болгон эмес. Бирок жарака кеткен турак үйлөр көп. Учурда алардын саны такталууда.
Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун айтымында, Баткен облусунда болуп өткөн зилзала Казакстандын Алматы шаарын (3 балл) жана Өзбекстандын борбору – Ташкентти (6 балл) кошо титиреткен. “Чоң аймактагы жер титирөө күчтүү болгону менен, зилзаланын очогу терең эмес жана калк жашабаган жайда орун алган”,- деди ал.
Бул жер силкинүүдөн Өзбекстандын Андижан жана Фергана облустарында 13 киши каза болду. Андан тышкары 80ге чукул адам жаракат алып, 35и ооруканага жаткырылган.
Коңшу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, силкинүү учурунда Худжанд шаарынын бир тургуну коркуп кетип, терезеден секирип кеткенден кийин каза тапты.
Маалымат үчүн: Фергана өрөөнү Борбордук Азиядагы калк эң жыш жайгашкан аймак катары таанымал. Сейсмология институту Кыргызстандагы сейсмикалык активдүүлүк 2016-жылга чейин созуларын кабарлады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
basta
2011-07-25 13:17:05
кудай сактасын
0
elya2404
2011-07-25 20:41:53
Ушундай тилсиз жоодон кудай сактасын!
0
Narynbek
2011-07-25 20:59:07
Кудай сактасын!Түнкүсүн болгону жаман да
0
Aliyar85
2011-07-25 21:55:23
Уйлордо жарака кетсе жаман болуптур кудай сактасын.
0
timurkg
2011-07-26 01:20:48
кудай озун сактай кор
0
jaku
2011-07-26 10:19:00
jakwi batkendin el jawabagan aymakta jer titiroo bolup tur.
0
ismail
2011-07-26 16:38:51
Аллах озу сактасын. Кыргыз элиме ыйман берсин.
0
nurjigit
2011-07-28 02:42:40
Кыогызтаныбызда тынчылык боллсун!
0
sahalin2011
2011-07-28 15:55:44
кудайым сактаптыр.кайра болбосун деп кудайдан сурангыла!
0
zzz---zzz
2011-07-29 12:52:22
Таджикстандыдагы
0
Kuzmich
2011-07-29 12:54:24
Chyn aitasyn Sahalin!
0
Arman
2011-07-31 10:25:10
Kudai saktasyn i saktaptyr janan saktaiturgan da al jalgyz ozy kudaaga shygyr ech adam olymy bolboptur,shygyr kylyp ibaadatynardy kylgyla orozonor maarek bolsun,
0
sezim
2011-07-31 14:01:40
jaku эл жашаган аймакта эмес баткендин цетринде 6 балл болду, кудай сактады,
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан