Учурда 7-апрель окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевдин ден-соолугу начарлап турат. Мунун айынан баш коргоо чарасын өзгөртүп, экс-министрдин адвокаты аны үй камагына которуп берүүнү суранууда.
УКМКнын аскердик медициналык кызматынын начальниги Нияз Алдашевдин айтымында, Бактыбек Калыев кант диабети жана гипертониялык оору менен жабыркайт. Бирок “Айкөл Ала-Тоо” жана “Мекен шейиттери” коомунун өкүлдөрү анын үй камагына бошотулушуна каршы. “Анткени буга чейинки Каныбек Жороев жана Оксана Малеванаяга окшоп качып кетиши мүмкүн”,- деп жатышат алар.
Эскерте кетсек, Бакыт Калыев былтыр экс-президент Курманбек Бакиев Жалал-Абад облусунан Казакстандын Тараз шаарына учуп кетери менен аэродромдон колго түшүрүлгөн.