ОШТО ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮ КӨБӨЙДҮ

Акыркы жарым жылдын ичинде Ош облусунда суицид (өзүн-өзү өлтүрүү) окуяларынын саны бир канча эсеге көбөйдү. Бул жөнүндө Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын өкүлү Замирбек Сыдыков кабарлады. Анын айтымында, соңку 6 ай ичинде укук коргоочу органдар 57 суицид окуясын каттаган. Ал эми былтыркы жылдын ушул эле айларынын ичинде баары биригип 15 далил болуп өткөн. Өз жанын өзү кыйгандардын көпчүлүгү 16-35 жашка чейинки эркек кишилер болуп саналат. Мындан сырткары бул аралыкта 36 өзүн өлтүрүү аракети каттоого алынды. Анын ичиндеги 34 окуяда жаш кыздар бул дүйнө менен кош айтышууга белсенишкен. “Былтыр мындай көрүнүштөр эки эсе аз болчу”,- дейт З.Сыдыков.
Укук коргоо органынын кызматкери өзүн-өзү өлтүрүүнүн көбөйгөнүн Июнь окуясы менен байланыштырат. “Аны постконфликттик синдром деп коюшат”,- деп түшүндүрдү ал. Учурда коомчулуктун ичинде моралдык жана психологиялык жактан колдоочу иш-чараларды жүргүзүү боюнча уюштуруу иштери башталууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Omurgul
2011-07-25 17:33:01
кудайым сактасын!!!!!!!!!!
0
elya2404
2011-07-25 20:26:12
Олсо озунун шорун, ыйлап-сыктап комуп коюшат. Просто жакындарына, бир-эки жыл кыйын болот. А эненди омур бою азапка саласын. Но алардын деле куну ото берет, эчким артындан кошулуп бара калбайт. Ошон учун биринчи озуно кол салбай туруп, озунду ойлобосон дагы, эненди ойло. Озунун омурун озу кыйган туура эле тозокко барат, ошону дагы унутпагыла! Бул кундор дагы отот деп, сабырдуу болгула! Жашаш керек!
0
mira85
2011-07-26 07:17:46
elya2404 koshulam
0
brit
2011-07-26 13:03:44
elya2404 туура айтасын мен да сенин айтканына кошулам. тируунун куну ото берет олгондун эле шору
0
elif
2011-07-27 14:57:20
alardi b.a. jashtardi da tuura tushunush kerek,biz chet jakta jurup kanday taasirde kalip atabiz,alar okuyanin borborunda,albette psihologiyasi buzulat,uydo,kochodo,mektepte(JOJdo) kaerge barsa oshol ele korkuunu ugup jurushot da.Psihologiyalik jardam korsotulgonu jakshi boluptur.
0
elif
2011-07-27 15:06:11
psihologdor aytishat go jaman nerseden taasirdengende ar kanday maseleni tuura kabil ala albay,jenil nerse da oor kelip,tuura tushuno albay kalishat da,al uchun jashtarga jakshi koldoo korsotush kerek ata-enesi,mugalimderi.
Kudayim ozu jardam kilsin.
0
engel
2011-07-27 16:33:02
Kudaa munu toktotuu kerek go jashtar emne b-p baratat osuno kol jumshap
0
menish
2011-07-28 20:09:43
АЛЛАХ калгандарына ынсап берсин!!!
0
hasan2009
2011-07-29 01:37:10
озун озу олтургонго жаназа окулбайт андан кудай сактасын
0
dina
2011-07-29 10:31:06
elya2404 сиздин психологияныз менен алардыкын салыштырып болбойт, ар кандай терс окуялардан кийин алардын тандоосу калган эмес. Моралдык, психологиялык жардамга муктаж адамдар гана ошол жолго барышкан.
0
Jaynagul
2011-07-29 18:17:03
dina, жол калбаган чакта да кудай берген жанды жашаш керек кудайым каалаган убакта озу алат, себеби озу жан берген. Кудайга шугур кылып эле журолучу!!!
0
elya2404
2011-07-29 20:33:22
dina, омур бир эле жолу гана берилет! Анда мындай кыйын учурда жол калган жок деп, озун озу олтуро беришсе, элдин баары кырылып калатго. Кандай абалда болбосун, бир жолун тапса болот!!!
0
cosmopolit
2011-08-02 13:11:05
Откондон жылдагы окуядан кийин котогон адамдар психологиялык жактан жабыр тартып калышкан...ошону учун психологдор иштеши керек болчу...
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан