КАМЧЫ КӨЛБАЕВ МЕНЕН АЛМАМБЕТ АНАПИЯЕВ КАРМАЛДЫ

“Бириккен Араб Эмираттарынын борбору – Абу-Даби шаарында «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен уюшкан кылмыштуу тобунун лидери Алмамбет Анапияев кармалды”,- деп жергиликтүү агенттиктер билдиришет. Эл аралык издөөгө жарыяланган криминалдык башчылар 21-июлга караган түнү колго түшүшкөн. Азыркы тапта Ички иштер министрлиги бул маалыматты тастыктаганы менен, кеңири маалымат берүүнү кечеңдетип жатышат. Ал эми Уюшкан кылмыштуулук жана паракорчулук менен күрөшүү боюнча башкармалыктын начальниги: “Бириккен Араб Эмираттарынын полициясына расмий арыз жөнөтүлдү. Жоопту аларыбыз менен кармалгандарды экстрадициялоону талап кылабыз”,- деди.
Маалымат үчүн: АКШнын президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң кооптуу делген «баңгизат падышаларынын» тизмесине 7 адамды, анын ичинде Камчы Көлбаевди да кошкон болчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Buu
2011-07-25 12:39:35
мдя... чын эле кармаштыбы же калп элеби аны эч ким билбейт
0
Marath87
2011-07-25 12:57:29
Kubik болушу мумкун.
0
Саби
2011-07-25 14:13:57
"Атын чыкпаса жер ортто"- деген ушу Камчы Кобаевка таандык окшойт Барак Обамадан бери тааныса Рыспекти жолго калтырат го
0
baibolot71
2011-07-25 17:37:06
Кылмышкерлерди кармап кайра неге алып келесинер?Бирден,экиден болуп оздорунчо чыгып кетип жоголо беришсин да.Алып келген кундо да ИИМ качырып жибересинер,анан Кыргызстанда алар дагы бир балээ башташат...
0
Buma
2011-07-25 18:53:15
Barak Obama ozdoru birinchilikti alsa kerek!!!
0
virus
2011-07-26 00:28:48
оо тузук эми нормальный срок бериш керек а так бизнесмендер кыйналып кетти россияда налоктон
0
Titi
2011-07-26 03:20:07
кармаганы менен баарибир бошотот
0
Suiorbek
2011-07-26 12:29:01
Кармалышкандарына ишене албай жатам.
0
Ayuwa
2011-07-26 16:21:22
бизикилер баарын эле кармашат, соз жок.. бирок эмнегедир тушунуксуз бат эле чыгып же качты кылып коюшат да...
0
Tazabek
2011-07-27 03:57:21
Акча берип боштондукка чыгып кетишет, анан байкуш кыргыз елим кайра еле кор болобуз!
0
jigitt
2011-07-28 11:15:30
биздин чиновниктер аларды акчасын алганы алып келет.Кайра кармаган чакта деле коё беришет да качып кетти деп кутулушат.
0
aliza
2011-07-29 00:22:28
kachyp ketti dep ele kutulushsa go meili,deputat kylyp dele koioberishet ishenish dele jok. kim bildi biroosu prezident,ekinchisi premer bolom dep karmalbady beken andan koro...
0
Rimm
2011-07-29 09:31:26
Колбаевди, Анапияевди кармап убара болушуптур. Белгилуу элего, чиновниктерибиздин колуна алардын акчасы тийгенден кийин "скатертью дорога" деп коё беришет.
0
sezim
2011-07-31 13:37:44
кыйын болсонор Кадыржан Батыровду Жалалидин Салахутдиновду кармабайсынарбы, бир тоону оодаргандай мактанасынар,
0
ilgiz
2011-07-31 19:46:14
Эгер Обама тааныса над эмне Кыргызстанга жиберип коймок беле. эгер чын болсо анда алар ал жактан чыкпайт!
0
№ 455, 22-28-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан