Ош облусунун Өзгөн районунун 40 жаштагы жашоочусу Айнура Жокоева өкмөттөн 1 миллион сом алуу үчүн Июнь окуясында бир тууганынын өлгөндүгү тууралуу жасалма документтерди даярдаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Айнура Жокоева бир тууган сиңдиси, 22 жаштагы Токтокан Жокоеваны калп эле “өлдү” деп чыгарып, Өзгөн районунун Социалдык коргоо башкармалыгынан быйылкы жылы июнда 1 миллион сом өкмөттүк жардамды алган. Бирок УКМКнын кызматкерлери тарабынан Т.Жокоеванын тирүү экендиги жана Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда күйөөсү менен бекинип жашап жүргөндүгү аныкталат. Учурда кылмыш иши козголду.
Бул былтыркы жылдан бери өкмөттүн жардамына байланыштуу катталган биринчи окуя эмес. Буга чейин “7-апрель окуясында каза болду” деген кишинин кийин Орусияда көп жылдар бою жашап жүргөндүгү белгилүү болгон.