Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке 19 талапкерден протокол-арыздар келип түшүп, анын ичинен 10у өзүн-өзү көрсөткөн. Ошентип, өзүнүн керт башы менен ажолукка ат салышкандар: журналист Улугбек Бабакулов, убактылуу жумушсуз Темиркул Өмүралиев, отставкадагы полковник Болотбек Казакбаев, президенттиктин экинчи жолку талапкери Нурлан Мотуев, “Ата Журттун” депутаты Курманбек Осмонов, убактылуу жумушсуз Жылдызбек Стамбаев, укук коргоочу Игорь Трофимов (кайра арызын кайтарып алды), Аскердик соттун судьясы Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушсуз Тургунбек Нарикеев, отставкадагы милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев, убактылуу жумушсуз Дамира Токтосунова, Сайнидин Султанидинов, Эрнис Айтымбетов жана Эл аралык фонддун президенти Өмүрбек Эгембердиев.
Ал эми саясий партиялардын атынан: Исхак Масалиев – Коммунисттер партиясы, Камчыбек Ташиев – “Ата Журт”, Адахан Мадумаров – “Бүтүн Кыргызстан”, Эркин Булекбаев – “Жашылдар” жана Арстанбек Абдылдаев – “Эл үчүн” партиясы.
Президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү 16-августта аяктайт. Эгерде мындай активдүүлүк менен жүрүп отурса, быйылкы шайлоонун кагазы да бир метрге жетиши толук мүмкүн.