Бишкек шаарында күйүүчү май бекеттери узун кезектерге байыды. Май сатуучулар чектөө киргизип, мунун айынан алыскы жолго аттангандар кыйналып жатышат.
Ушул аптадан тарта А-92 жана А-95 үлгүсүндөгү бензинге 10 литрдик чектөө киргизилди. Бул тууралуу жаман кабарды угузган Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев чектөө 21-июлга чейин уланарын кошумчалаган.
Тартыштын кандайча пайда болгонуна токтолгон Ж.Акенеев: “Омск шаарындагы нефтини кайра иштетип чыгуучу завод Кыргызстанга майлоочу жана күйүүчү майды ташууну токтотуп салды”,- деп түшүндүрдү. Анын айтымында, бул завод Казакстандын суранычын аткарып, 1-июлдан бери коңшу өлкөнүн ички рыногун май менен камсыз кылууга киришкен. Азыркы тапта Бажы союзунун эрежелерине милдеттүү түрдө баш ийбеген жеке “Роснефть” жана “Татнефть” компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Бирок Кыргызстандагы айрым компаниялар бул кырдаалдан пайдаланып, бааны атайын жогорулатып алган учурлар да катталып жатат. Өкмөт жакын арада бааны жөнсүз асмандаткан компанияларга чара көрүлөрүн билдирди.
Айтмакчы, бул окуяга саясий боёк да берилип, “президенттик шайлоо жакындаганда Орусия Кыргызстанга басым жасоодо” дегендер да бар. Анткени “Газпром” өлкөдөгү чекене баада сатылган күйүүчү майдын дээрлик көпчүлүгүн көзөмөлдөп турат. 21-июль күнү А-92, А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын 500 тоннадан турган алгачкы партиясы Кыргызстанга жеткирилди. 3-августка чейин дагы 2,5 миң тонна келе тургандыгы кабарланууда.
Андыктан азыркы тапта өлкөдө туристтик мезгил күчөп, айрым аймактарда чөп чабуу, түшүм жыйноо башталганда майдын тартыштыгы карапайым калктын нааразычылыгын жаратары турган кеп. Ошондуктанбы, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев шашылыш түрдө маселелерди жайгаруу үчүн көнгөн сапары менен Кремлге жөнөп кетти.