Замандын өнүгүшү менен бирге түрдүү курстар пайда болууда. Алардын бири – стервология курсу. «Стервология эмнелерди үйрөтөт?» деген суроого маалымат алуу үчүн изилдөө жүргүздүк.
СТЕРВАДАН КЕҢЕШ:
«КААЛАГАНЫНА ЖЕТҮҮНҮ КӨКСӨГӨНДӨР ҮЧҮН КУРС»
Гезиттеги «стервология курсун окутабыз» деген жарнаманы окуган соң кызыгуубуз артты. Ошону менен кошо бир топ суроолор да жаралды. Андыктан андай борборлордун бирине чалдык.
– Саламатсызбы? Айтсаңыз, стервология курсунда эмнелерди окутуп-үйрөтөсүздөр? Эмне максатта ачылган?
– Анда сизге алгач бир нече суроо берип көрөйүн.
Катардагы айым болуудан тажадыңызбы? Ийгиликке жетүүнү каалайсызбы? Кыялыңыздагы жигитке турмушка чыгуунучу? Тартынчаактыкты жоюп, өз оюңузду ачык билдирүүгө жетишүүнүчү?
– Ооба, каалайм.
– Буларды башкалар да каалайт деп ойлойсузбу?
– Албетте.
– Мына, көрдүңүзбү? Стервология мына ошол сиз жана башкалар каалаган нерсенин баарына жетүүгө үйрөтөт. Ошону үйрөнүүнү каалагандардын саны көбөйүп, “кайдан үйрөнсөм болот?” деген маселе жаралгандан улам курсту ачуу идеясы пайда болгон.
Стерва деген ким? Ал өз жашоосун өзү каалагандай кура алат. Чөйрөсүндөгү адамдардан көз каранды эмес. Эркекти кылдаттык менен тандайт. Муну чоң дүкөндөн кийим тандоо менен салыштырсак болот. Стерва үчүн башкысы – эркектин жанында сүйүктүү, модалуу кийинген аял болуу. Өзүн күтө билип, сулуулугу, сырткы көрүнүшү менен элди таң калтыруу. Түшүнүктүү болдубу? Анда кааласаңыз, окууга келиңиз.
– Курсту канча ай окуу керек? Баасы канча?
– Бир ай. Баасы тайпа (3-4 адам) менен окуйм десең 2500 сом, жалгыздан окуйм десең 3500 сом.
Заматта көп нерсени айтып, түшүндүргөн айымга рахмат айтып коштоштук.
СТЕРВА ӨЗҮН ИДЕАЛДУУ АДАМГА АЙЛАНТА АЛАТ
Эми стервология курсун окутуучу борборго барып, кенен маалымат алуу үчүн жөнөдүк. Биз барганда эшик оозунда турган көп кыздарга туш келдик. Биз билбегенибиз менен, курстан окугандар көп экендигине таң калдык. Окутуучуга жолугуп сүйлөшүп, бир сабакка катышууга уруксат алдык. Бир саат ичинде лекцияны угуп, керектүү китепти барактап отуруп, стервология төмөндөгүлөрдү окутуп-үйрөтөрүн тагыраак билдик:
1. Өзүңө ишенимдүү, эркин жана көз карандысыз болуп, комплекстерден (тартынуулардан) арылууну. Өзүңдү сүйүүнү жана баалоону үйрөнүү.
2. Башкара билүү. Кырдаалды өзүңө керектүү нукка буруу.
3. Күчтүү болуудан коркпоо.Кыйын кырдаалда өзүңдү жоготпоо, жоопкерчиликти моюнга алуудан тартынбоо. Эгер жеңилип калсаң ачууланбай, тескерисинче, күчтүү атаандаштан үйрөнүп, тажрыйба топтоо.
4. Сулуу боло билүүнү үйрөнүү. Өз стилиңди таап, сырткы келбет-өңүңдөгү жакшы өзгөчөлүктөрдү колдонуу. Түз, келишимдүү басууну билүү. Сексуалдуу көрүнүүгө аракеттенүү (жигитти/кызды сүйдүрө билүү, жаңы адам менен таанышууда өзүңө ылайыктуу ролду тандоо...).
5. Профессионалдуу болууну үйрөнүү. Кичинекейлерден тартып чоңдорго чейин баарлаша билүү. Ал эле эмес, жаман көргөн кишиңиз менен да баарлаша билип, оюңдагыны ала алуу жана башка. Кыскасы, стерва өзүн идеалдуу адамга айланта алат.
Айта кетчү нерсе, сабакта видеоматериалдар да колдонулат экен.
Бир саат сабак ичинде өз кемчиликтерибизди сезип, өзгөрүлүү керек экендигин баамдагандай болдук. Кетерде окутуучуга суроо узаттык:
– Бул курстун артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде?
– Жакшы жактарын айтсам, стервология курсун аяктагандар максат коюу менен бирге ага жетүүнү да үйрөнүшөт. Максатынын туу чокусуна ашыкча аракет кылбай эле жете алышат. Өзүнө-өзү ишенип, жанындагыларды баш ийдирүүгө дарамети жетет. Жаман жагы – адамды тымызын жемелеп, жоошторду басынтып, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп калат.
Стервология – эркектерге да арналган пайдалуу илим. Бизден 3 жигит курсту аякташты.
Курс ачылгандан баштап катышып келаткан бийкечтердин бирин маекке тартсак, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Атым Афина, 22 жаштамын. Мен кичинемден тартынчаакмын, өз оюмду айта албайм. Жарашыктуу да баса албайм. Жигиттер менен мамиле түзүүнү да билбейм. Мен турмуш куруп, үй-бүлө күтүшүм керек да. Ошондуктан кемчиликтеримден кутулуп, өзүмдү болочоктогу идеалдуу аял катары өзгөрткүм келди. Азыр көп нерселерди билип, өздөштүрүп калдым. Ал тургай өзүмө жаккан жигит менен да мамиле түзө баштадым.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg