Кезектешип жарык берген эмне? (Күн, Ай)
Кыргыз тилинде бир сөз бар. Ал дайыма ката айтылат. Бул кайсы сөз? (Ката)
Сенде бир тал ширеңкенин чийи бар. Караңгы бөлмөдө чырак жана шам турат. Биринчи эмнени күйгүзөсүң? (Чийди)
Ким сүйлөбөй окутат? (Китеп)
АДЕПТҮҮ БОЛ
БИЛИМ, ЭНЕ, УЛУУ, ЭРТЕ, ЭЖЕ, ЖАКШЫ, УУЛ, ИШ деген сөздөрдү маанисине жараша көп чекиттердин ордуна кой.
...-кичүү дебестен,
Сылык болгун баарына.
Жаман-... сөздөрдү,
Ылгай билгин дайыма.
... тургун дайыма,
Бекер уктап жатпагын.
Чыйрак, шайдоот болуп өс,
... кылуудан качпагын.
Акыл айтса ага-...,
Көңүл коюп угуп жүр.
... алып, көп окуп,
Эмгек менен өмүр сүр.
Ата-.. эң улук,
Сыйлоо керек аларды.
...-кыз болсун адептүү,
Суктандырып далайды.Сүрөттүү аңгеме
Дамира Арстанова
balakai@super.kg