«АПА, ҮЙ-БҮЛӨМДҮ УРАТПАҢЫЗЧЫ?!»

“Бул жашоодо катасыз адам бар бекен?! Кетирген каталарыбыз үчүн убагында кечирим сурасак, бармагыбызды тиштеп, ыйлабай каларбыз?.. Ар бирибиз үчүн үй-бүлө – баа жеткис байлык. Аны сактап калуу үчүн кайненемден кечирим сурайын деп келдим”,- дейт Эрмек.

– Адам баласы ачууланганда кандай гана сөздөр чыкпайт. Маанисиз сөздүн айынан үй-бүлөмдүн дубалы урап жаткан кези. Жубайым Мээрим менен эки жыл мурун дүкөндөн таанышкан элек. Төрт айдан кийин бактылуу үй-бүлөлөрдүн иретин толуктадык. Кудайга шүгүр, башыбыздан бакыт балына чыланган күндөр өттү. Актанбайын, анча-мынча урушкан күндөр да болду. Болгон күч-кубатымды жубайымдын бактылуу, жетиштүү турмушта жашоосу үчүн жумшадым. Бир жылдан кийин Мээрим мага аталык бакытты белек кылып, уулдуу болдук. Баары жомоктогудай сонун эле.
Жубайым өтө эле жоош жан. Кайненем жалгыз бой болгондуктан, Мээрим үчүн эненин да, атанын да ролун ойногон. Келинчегим “апам” эле дей берчү. Мен кээде “апаңдын колунан эмне келет, биздин жашообузга кийлигишпесинчи” деп тамаша-чынга салып айтып койчумун. Бирок бул ойлонбой айтылган сөздөрдүн залакасы кайра өзүмө тиет деп ойлобопмун.
Күндөрдүн биринде үйгө келсем, келинчегим жок экен. Көрсө, Мээрим эжеси менен базарга кетип калыптыр. Ал бир жакка барарда мага сөзсүз айтчу эле. Телефон чалып, артынан бардым. Кайнежемдин көзүнчө өзүмдү кармай албай Мээримге кыйкырып койдум. Ошол күндөн баштап жубайым, уулум үйүбүздүн босогосун аттай элек. Мээрим менден алыстап, артынан издеп Нарынга, Кеминге, Көлгө да бардым, акыры Бишкектен таптым. Арадан бир ай өттү. Мээрим мени кечирди, бирок апамдын мага болгон таарынычы жазылбай келет.
Апа, мени кечирип коюңуз, меники туура эмес. Мээрим, сен да менин каталарымды кечире көр. Сенсиз жашоом токтоп калды. Мага кайрылбасаң, жакында аракеч болуп, баарынан кечип кетем. Мен сен үчүн баарын таштайм, ар дайым сени менен болом. Сөз берем, баарын ак барактан баштайлы. Менден кол үзбө, суранам. Уулум Эмирди да аябай сагындым. Апа, биздин кичинекей мамлекетибизди сактап калууга жардам бериңиз...
“Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, ушул күнгө чейин үй-бүлөмдүн баркын билбепмин. Эми жалгыз, жарсыз, баласыз калганда гана жашоонун ачуу даамын татып отурам. Мага мындай жашоонун кереги жок, мага үй-бүлөлүк бакыт керек.
Эркек катары кичүү башымды жерге салып, биринчи кадам таштап кайрылуудамын. Бул кайрылууну окугандан кийин кандай чечим чыгарсаңыздар да баарына кайылмын. А бирок, апа, Мээрим, туура чечим чыгарасыңар деп үмүтүмдү үзбөйм.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Kyial
2011-08-02 14:56:29
Чыр ошондон чыкты го деп ойлойм, негизиле баардык эле куйоо балага жакпайт кайын журту уй-булоосуно киришип турса... бул жерде чыр ошондон улам чыкса керек
0
777bazamat
2011-08-02 17:04:32
жигитсин
0
kara_pantera
2011-08-02 22:22:53
"Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт", дегендей Мээрим озундун уй булоонду сакташ учун кечиришин керек го. Уулуна ата керек, бул жагын да ойлоп кор. Эне байкуш баласынын бактысы учун баарына барат, ал сени кечирет.Умутунду узбо.
0
Nora
2011-08-03 05:21:26
men bul jerde Meerimdi kunooluu dep oilop atam, antkeni al kuioosu aitkan kaiyn jurtu aitkan sozdordu torkununo tashybashy kerek bolchu, akyly jok ele kelin tura, ui bulo kimge kerek? Meerimgebi jee Ermekkebi?eki jakka ten turmush kerek! eger Ermekke kopkoo cheiyn onorun korchotchu bolso, myna kyzyndy ozuno koshup al dep koiup, bashka kyzga uilonup alsa kantet , erkekke kyzdar tabylat, aa kelingeee ii eshe bir balasy menen er tabylbait goo deim
0
Nora
2011-08-03 05:30:30
Мен бул жерде Мееримди куноологум келип турат, анткени ал кайын журтунда болгон нерселерди, куёосу аиткан создорду тоткунуно ташыбашы керек болчу, мен бул келинди акылы жок деп айтаар елем. Кимге керек уй було? жалгыз еле Ермекке керекпи? аа акылсыз келиндин артынан кечирим сурап жургонуно там берип отурам. Егер мындан аары таарына берсе, мына сага деп башкага уилонуп алсын, ошондо тагдырдын тамашасын кормок.
0
mamamia
2011-08-03 18:36:03
мерим дагы аракет кылыш керек болчу уй булонуц сактап калыш учун. уй булону сакташ бир эле эркектердин колунда эмес экоо тен бирдей аракет кылыш крек ошондо гана чыныгы семья боло алат.биринчиден куйонун айткан созуну апасына айтпаш керек болчу бул меримдин катачылыгы.мен ишенем силер чогуу ынтымактуу семья болушунарга. аркетке берекет.
0
Amangeldi
2011-08-04 12:26:58
Эрмек, сабырдуу болуп,уй булонду сактап калышка бардык кучунду жумша. Бирок ичип кеткенден эч пайда таппайсын.Баарына сабыр.Бактылуу бол!Эрмек, сабырдуу болуп,уй булонду сактап калышка бардык кучунду жумша. Бирок ичип кеткенден эч пайда таппайсын.Баарына сабыр.Бактылуу бол!
0
botia21
2011-08-04 17:48:38
oshol apan kaine ejen birinchi jash kezin estesinchi kaisi uibulodo ele chekesinen silap jurup otot eken kazan ayak kagishat ani uidon syrtka chigarbash kerek boluchu kelinchegin,sen kor bolom dep atasin senden da kelinchegin kor bolot balasin dagi kor kylat birinchi kuoo kudaidan ekinchi kuoo shaitandan oshonu esine tuyup koisun.
0
Aynka
2011-08-05 17:49:08
коп эле капа кылгансын да болбосо кантип эле кайненен ошончолук тескери карасын, жок дегенде келинчегин сен учун турмак да,бирок жакшы кечирим сурапсын молодец уй-булонун баркын биле экенсин, менин жолдошум сеникинде абалга туш болуп бирок кечирим суроонун ордуна куч кылып журот, беш кол тен эмес экен да.....
0
Buma
2011-08-06 04:58:27
Chonoyup kalgan ele adam, keteerden murun suyloshuu jolu menen Problemalaryn chechishse bolmok, apasyna kachyp ketpey, a bala bolso al ayaldyky ele emes da, bul situatsiyada ayaly otto egoistik kylyptyr, bir cheti daregin aytpaganyna karaganda baykebiz kol kotorup koyot okshoyt. Negizi erkekterdin ayalga kol kotorgonu bul adamdyn alsyzdygy deym. ekin4i chetinen karaganda ayaly emne uchun apasyna bir tuugandaryna , apasyna jolukpash kerek!!! Ayal erketin menchigi emes da!!!
0
jaka89
2011-09-07 16:16:25
Сизди кечирет деп ойлойм!!! Ийгилик каалайм сизге бактылуу болгула
0
Bacitgul
2011-10-27 18:11:51
Тилек апа деген апа баарыбир оз баласын коргойт, кызганат! Эгер кудай буюруп, кайрадан уй-булонор бириксе апаныз озгорбосо да, сиз баардыгына чыдашыныз керек! Конфликти даанышмандык менен чечууго аракет кылыныз
0
rokossovetz1987
2012-03-22 19:22:00
Жоош адам ишенчек болот,энесинин созуно кирип аларды кыя албай журот да байкуш келин. Энеси м-н эжеси Эрмек м-н чоогу жашачудай болбой кечирип койбойбу. Как будто Эрмек ар-дайым кайын-энесине соз тийгизип,келинчегине кун коргозбой жаткансып. Жаман катын кетем деп коркутат болбой жашоодо боло берет да казан-аяк кагышат, келиндин да ыйманы жок экен акылсыз,жаштык кылып жатат,кийин башына келгенде тушунот ким куноолу экенин. Келин жана апасы эжеси кунолу. Куйосунун созун ташыбай эле койбойбу акылы
0
altyshka_23
2018-04-01 19:54:35
Эч качан сынба. Аракеч болом дебе эркин кучтуу турмуштун баардык кыйынчылыгын женесин.
0
altyshka_23
2018-04-01 19:55:33
Арак ичип кетсен озуно эле кыйын болот ар кайсы жерде жатып бир кун олосун
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан