“Рояль” казиносу” тасмасында Жеймс Бонддун сүйлөшкөн кызынын ролун аткарган актриса Линда Кристиан 88 жашында жоон ичегинин рагынан көз жумду. Калифорниядагы бейтапканалардын биринде каза болгон актрисанын өлүмүн анын кызы тастыктаган. Эске салсак, Линда 1954-жылы Жеймс Бонддун экрандаштырылган биринчи тасмасында Веспердин ролун жаратып, атактуулукка жеткен.