2010-жылы 5-августта Чилидеги алтын кен казып алуу шахтасында жердин 700 метрлик тереңдигинде 33 шахтёр камалып калган эле. Эки жарым ай жер астында жашаган шахтёрлорду куткаруу операциясын бүт өлкө көрүп турган. Эми алардын кылган эрдиги жөнүндө тасма Голливудда тартылмакчы. Тартыла турган фильмди продюсер Майк Медовой ишке ашырмай болду.