Популярдуу актриса, модель жана режиссёр Рената Литвинова жакын курбусу, ырчы Земфира тууралуу документалдык фильм тартууну көздөөдө. Муну менен курбусунун жеке жашоосундагы сырларын ачыкка чыгаруу убактысы келип жеткендигин айткысы келген. Анткени массалык маалымат каражаттарында ырчы жөнүндө туура эмес ушактар кетип жаткандыгын билдирди. Литвинова атайын тартып жаткан тасмасын үзгүлтүккө учуратып, Москвага, курбу кызынын жеке концертине келген.