“She” журналына берген интервьюсунда актриса эмнеге турмушка чыкпай жүргөндүгүнүн себебин түшүндүрдү. Кэмерон өз сөзүндө: “Мен такыр турмушка чыкпайм деп айтуудан алысмын. Болгону, турмушка чыгуу башкы максатым эмес. Жашоомдо жаңы пайда болгон ар бир жигитти мен күйөө катары карайм. Паспорттогу штамп роль деле ойнобойт”,- дейт. 38 жаштагы актрисанын айтуусуна караганда, эгер турмушка чыкса, анда бир нече жолу ажырашмак экен.