Сулуу, сексуалдуу үч бийкечтин чырайына арбалып, нечендеген мырзалар өлүм табышат. Кыздар так жана уюшкандык менен иштешет эле... “Бул кайсы тасма?” деген суроо туулдубу? Анда көңүл буруңуз, сиз сүйгөн “Жылаңач курал” тасмасы тууралуу азыноолак кеп курабыз.
Тарткан өлкө – Гонконг
Тартылган жылы – 2002
Жанры – Боевик, триллер
Режиссёру – Сиу-Тунг Чинг
Продюсерлери – Жон Чонг, Лоррэйн Хо, Сиу-Хунг Чунг
Сценарийди жазган – Жин Вонг
Оператору – Санг Фай Чои
Узактыгы – 90 мүнөт
Башкы ролдордо: Алмен Вонг (Мадам М),
Мэгги Кью (Шарлин Чин), Аня Ву (Кэтт – Шарлиндин жакын курбусу),
Дэниэл Ву (Жек Чен – федералдык агент),
Ченг Пей-Пей (Фей Чин – Шарлиндин апасы),
Жевел Ли (Жинг – киллер, үч кыздын бири) жана башкалар
КЫТАЙ КУУРЧАКТАРЫ...
Дүйнөдө спорт жана мушташ искусствосунда ийгиликтерге жетишкен өспүрүм кыздар жоголо баштайт. Эл аралык сырдуу уюмдун жетекчиси Мадам М аларды уурдап, океан жээгиндеги аралга алпарып, жалданма адам өлтүрүүчү кылып тарбиялайт. Аларга кыйын абалда кантип тирүү калууну, адамдын анатомиялык түзүлүшүн, ар кандай чөйрөдө өзүн алып жүрүүнү, жадакалса шараптын даамынан кайсы жылы чыккандыгын билүүгө дейре үйрөтүшөт. Киллер кыздардын өзгөчөлүгү – эч кандай куралсыз туруп коркунучтуу экенинде эле. Алар кадимки 5 манжасы менен адамдын омурткасын жулуп өлтүрүүгө маш кыздар болчу. Бул кылмыш иштерин бир гана уюм жасай алчу. Алар Мадам Мнын үч киллер кызы. Кыздарды издеп табуу кыйынга турат. Анткени алар жулунган омурткадан башка артында из калтырышпайт. БЧБ (Борбордук чалгындоо башкармалыгы) үч кыздан турган киллерлерди «кытай куурчактары» деп атап, артынан аңдый башташат. Тасманын аягында Мадам М өзү өлтүрткөн адамдын досу тарабынан жок кылынып, бул каргашадан жалгыз Шарлин гана тирүү чыгат.
ТАСМАНЫН ТАРБИЯЛЫК МААНИСИ БАРБЫ?
«Жылаңач курал» тасмасында сүйүү, туруктуулук, кыздар арасындагы көрө албастык жана чыныгы достук сүрөттөлөт. Гонконгдук кино сынчылар «тасманын тарбиялык мааниси жок, сценарийи баналдуу жазылган» деп сындашкан. Ал эми чет өлкөлүк кино сынчылар, тескерисинче, «фильмдеги зордук-зомбулук, мыкаачылык жана жүрөк үшүн алчу эпизоддорду азиаттар кооз, таасирдүү сүрөттөп беришкен» деп макташкан. Тасма катуу сынга алынганы менен, дүйнө жүзүндө чоң кызыгуу жараткан.
Лунара Бекиева
koom@super.kg