Чолпонайды айрымдар «таланттуу, тарбиялуу ырчы кыз» десе, айрымдар «өтө эле бой көтөргөн, улууну улуу, кичүүнү кичүү дебеген ырчы» деп сындашат. Кайсы бири чындык? Калп тапкыч аркылуу байкап көрөлү.
Ырдаганың өзүңө жагабы?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Мага өзүмдүн ырдаган стилим жагат. Кээ бирлер “чет элдик ырчыларды туурайт, плагиатты колдонот” деп сын айтып калышканын угуп калам. Мисалы, “Бейби” деген ырымды “Мадоннанын чыгармасынан көчүрүп алган” деп жүрүшөт. Жакшылап угуп көрүшсө, таптакыр башкача. Менде башка ырчыларга окшоп бирөөнүн обонун же ырын уурдап алган учурлар болгон эмес. Балким, аранжировкасы окшошуп калышы мүмкүн.
Сени аябай чыр селки дешет. Ошол чынбы?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Ооба, кандай учур болбосун чыр чыгарып жиберишим мүмкүн. Университетте окуп жүргөндө гастролдоп, сабакты көп калтыргам. Анан мугалимдер университеттен чыгарып салабыз дешкенде алар менен айтышып, аябай чыр чыгарганым эсимде. Өтө эле эмоционалдуумун, жаман сөз уксам эле ыйлап жиберем.
Жигитиң барбы?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Ал жөнүндө эч нерсе деп айтпай эле коёюнчу.
Жигитиң менен жарандык никеде жашайсыңбы?
Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Жок
Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон жагабы?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Элдин көңүл борборунда болууну жактырбасам, ырчы болмок эмесмин.
Чыгармачылыкта сенден күчтүү, популярдуу ырчыларга ич күйдүлүк кыласыңбы?
Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Биздин шоу-бизнестен эч кимге деле ич күйдүлүк кылбайм. Ирина Дубцованын чыгармаларын угуп, «эмнеге мен ушул ырчынын деңгээлинде эмесмин?» деп кыжырланам.
Тамеки тартасыңбы?
Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Азыр чекпейм. Бирок 10-класста окуп жүргөндө тартып көргөм. Аделя аттуу курбу кызым тамеки чекчү, анан ал “за компанию мени менен чегип турасың” деп мага үйрөткөн. Бирок мага жакпайт экен.
Ичкилик ичесиңби?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай:– Ооба, майрамдарда ичем. Шампан жагат. Бир жолу үйдө Жаңы жылда шампан ичип алып, башым тегеренип мас болгом. Мени апам көрүп алып, “кызым, башка ичпей эле койчу” дегени эсимде.
Сүйүү үчүн ырчылык кесибиңди алмаштырат белең?
Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Жок
Чолпонай: – Кээ бир ырчы кыздар “сүйүп калсам, айылда деле жашамакмын” деп айта беришет. Бирок алар жөн эле айтышат. Мен сүйүү үчүн ырчылыкты таштабайм.
Сени “аябай бой көтөрмө” дешет, ошондойсуңбу?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Сүйлөшкүм келбеген адамга жооп бербей, баш тартып коюшум деле мүмкүн. Бирок мүнөзүмдө бой көтөргөндүк жок.
Ушакташканды жакшы көрөсүңбү?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Ушакташам. Бирок чыр чыгарганга чейин жете элек. Көп кыздардын сырларын билем, бирок аны жайбайм.
Сенин кийинүү стилиң көпчүлүккө жакпайт экен. Өзүңө жагабы?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Көбүнчө кыздар менин кийинүү стилиме таң калуу менен сын айтышат. Бир жолу чачылуу сумка көтөрүп келсем, баары шылдыңдап күлүшүп, “саксайтпай кесип салбайсыңбы?” дешкен. Ошондо мен “көрөсүңөр, ушундай сумка мода болот” дегем. Чынында эле ошондой болуп, меникиндей сумканы баары көтөрүштү.
“Чолпонай башка улуттагы жигиттер менен да мамиле түзгөн” дешет, чынбы?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай:– Мен улутчул эмесмин.
Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Өткөөл куракта өзүмө өзүм жакпай кыйнала берчүмүн. Анан элдин мага берген баасынан улам көңүлүм жайына түштү.
Кара пиар колдонуп көрдүң беле?
Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Мага “кел, ушундай кылып пиар жасайбыз” деген сунуштар болгон. Бирок мен макул болгон эмесмин. Мен тууралуу кара пиарлар чыккан учурлар деле бар. Негизи, куру пиар жасоодон корком. Таенем ушундай нерселерди окуп калса эле келип, “мээмди жууп” кетет.
Диета кармайсыңбы?
Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Чолпонай: – Бир жолу кармап көргөм. Бирок чыдамым жетпейт экен. Таттууга жакынмын деп айтып эле жүрөм го. Ушул адатымды таштай албай койдум. Бир килограмм таттуу болсо деле жей берем.
Чолпонай: – Күйөрмандарыма айтып кетет элем. Кээ бирлер чындыкты жашырып, периште боло беришет. Күйөрмандарым менин жоопторумдан улам жаман көрүп калышып, ар кандай сындарды да айтышы мүмкүн. Бирок мен чындыкты айттым. Өтө катуу соттоп жибербегиле.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg