ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Норвегия

ТЕРРОРЧУ: «УЛУТТУН ЭНЕСИН» ЖОГОТОМ»
22-июль күнү өлкөнүн борбору Осло шаары жана Утойя аралында кош терракт болуп өттү. Жыйынтыгында 68 кишинин көз жумгандыгы кабарланууда. Укук коргоо органдары тарабынан бул терракттарга шектүү делип 32 жаштагы Андерс Брейвик кармалды.
Норвегиялык террорчу Брейвик өлкөнүн мурунку өкмөт башчысы Гру Харлем Брунтланнды жок кылуу үчүн адамдарды өлтүрүүгө барган. Экс-премьерди Норвегияда «улуттун энеси» деп да коюшат. Брейвиктин айтымында, Брунтланнга ал жаштар лагеринде сөз сүйлөгөн учурда кол салмакчы болгон. Бирок кандайдыр бир себептерден улам кечигип калып, мурунку премьер-министр кеткенден кийин келген.

Жаңы Зеландия

ГИТЛЕРДИН ЫСЫМЫН БЕРҮҮГӨ БОЛБОЙТ
«Адольф Гитлер жана шайтандардын биринин аты катары белгилүү болгон Люциферди баланын ысымы катары ыйгарууга тыюу салынат» деп Жаңы Зеландиянын Каттоо бюросу жарыялады. Андан тышкары «кара тизмеде» Мистер, Судья, Адилеттүүлүк деген ысымдар да бар. Акыркы учурда жаш үй-бүлөлөр балдарына өзгөчөлөнгөн, бир тамгадан же сандардан турган ат коюу сунушу менен көп кайрыла башташкан. Бийлик өкүлдөрү каттоодон өтүүнү каалагандардын тизмесин анализдеп чыккан соң гана мындай чечимге келишкен.

Казакстан

НАЗАРБАЕВДИН ОРДУН КУЛИБАЕВ БАСЫШЫ МҮМКҮН
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ордун күйөө баласы Тимур Кулибаев ээлеши мүмкүн. Бул тууралуу мамлекет башчынын кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев айтты. «Кокустан учурдагы өлкө башчы ден соолугуна байланыштуу жумуштан кетсе, 1995-жылдан бери түзгөн анын стратегиялык багытын Тимур Кулибаев улантып кете алат»,- дейт ал. Кулибаев учурда Казакстандын мамлекеттик активдерин башкаруу боюнча «Самрук Казына» фондунун башкаруучусу болуп турат. Ал эми Нурсултан Назарбаев азыр 71 жашта жана соңку 20 жылдан бери өлкөнү башкарып келет.

Латвия

ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУГА ДОБУШ БЕРИШТИ
Латвиянын БШКсы берген маалыматына ылайык, референдумга катышкан калктын 95 пайызы парламентти таратууга макул болушту. Парламентти таратуу демилгеси быйылкы жылдын май айында ошол учурда Латвиянын президенти болуп турган Валдис Затлерс тарабынан көтөрүлгөн. Анын билдирүүсүнө караганда, депутаттар өлкө үчүн эмес, жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштей башташкан. «Сейманын депутаттары олигархтардын каражатына жашап, ошолордун айтканын жасап калышты» деген маалыматтар тараган. Эми жакын арада Латвияда кайрадан парламенттик шайлоо болуп өтөт.

Венесуэла

УГО ЧАВЕС КАЙРАДАН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КЕЛЕБИ?
Венесуэланын президенти Уго Чавес 2012-жылы өтүүчү президенттик шайлоого ат салышарын билдирди. Ал мындай чечимин Кубада рак оорусунан дарыланып келген соң билдирди. «Мен азыр өзүмдү жакшы сезип калдым жана врачтар айыгып кетеримди айтышты»,- дейт Чавес. Президент ракка чалдыгып калгандан бери эки ирет операцияны башынан өткөрдү. Мындан улам оппозиция Венесуэланын лидерин ден соолугуна байланыштуу бийликтен кетүүсүн сунуштаган.

АКШ

НЬЮ-ЙОРКТО БИР ЖЫНЫСТУУ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙЛОР КҮЧ АЛДЫ
24-июлда бир күндүн ичинде 659 окшош жыныстагы адамдардын баш кошуусу катталды. Мындай той дүрбөлөңүнүн пайда болушуна Нью-Йорктун бир жыныстуу адамдар үчүн никеге катталууга уруксат бериши себеп. Алгачкылардан болуп айымдар Филлис Сигел менен Конни Копелов баш кошушту. АКШда бул сыяктуу үйлөнүүгө уруксат берүү боюнча Нью-Йорк алтынчы штат болуп калды.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kyrqyz
2011-08-02 14:26:20
фуууу бир жыныстуулар кантип баш кошот!
0
stepboy
2011-08-03 02:17:00
ошол да жашоо болобу бир жыныстуулар фуууууууууу!!!!!!!!!
0
zulya
2011-08-03 14:12:00
бир жыныстуулар вообще адам эмес Кудай эмнеге жаратты 2 жынысты
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан