ТРИКИНГ

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” демекчи, мезгилдин өтүшү менен спорт тармагы да өзгөрүп, жаңы түрлөр менен толукталууда. Ошондой жаңы спорт түрлөрүнүн бири – трикинг болуп саналат. Трикинг деген эмне? Бул спорт түрү менен алектенген кыргыз жаштары барбы? Ушул жана башка суроолорго жооп беребиз.

ТРИКИНГ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Трикинг “Martial Arts Tricks” деген сөздүн кыскартылышынан келип чыккан. “Martial Arts Tricks” англисчеден которгондо “аскердик искусствонун трюктары” деген маанини билдирет. Трикинг – аскердик искусство, гимнастика сыяктуу спорт түрлөрүнөн түзүлгөн спорттун жаңы түрү. Ал эми трикинг менен машыккан адамды трикер, трикстер деп аташат.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?
1960-жылдардан баштап АКШда аскер искусствосу гимнастиканын брейк бийинин элементтери менен толуктала баштаган. Жөн гана толукталып тим болбостон, ал спорттун жаңы түрүнө айланат да, трикинг деген аталышка ээ болот. Трикингдин өз алдынча калыптанышына Эрни Рейс, Даниель Стерлинг, Энтени Аткинс, Жон Валера сыяктуу бий жана спорт сүйүүчүлөрү зор салымдарын кошушкан. Трикингдин АКШдан башка континенттерге кулач жайышына интернет себепчи. Учурда популярдуулугу ашып жаткан бул спорттун дүйнөгө кеңири жайылышы Крис Девер жана ал жетектеген “Loopkicks” тобу менен байланыштуу.

ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Трикинг “сырткы келбети” жагынан акробатика жана бразилиялыктардын аскердик искусствосу болгон капуерого абдан окшошуп кеткендиктен, көп учурда аларды чаташтырып алышат. Чындыгында, алар бири-биринен айырмаланышат. Капуеро – аскердик өнөр болсо, ал эми трикингде ал жоокердик өнөрдүн элементтери гана камтылган. Трикингдин эң негизги өзгөчөлүгү сокку берүүчү көнүгүүлөрү сальто же буралып ыргып баратып каршылаш адамга сокку урууга негизделген.

ТАСМАДА
Жогоруда айткандай, трикинг менен машыккан адамдын атаандашка жасаган соккусу абдан кооз көрүнгөндүктөн, аны тасмада мушташ кадрларды коюуда абдан кеңири колдонушат. Тони Жаа жана Голливуд жылдызы Жеки Чан тасмаларында трикингди колдонушат.

Лакап аты – Азико
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Кумири – Анис Чеурфа
Хоббиси – Трикинг, мультивокал (бит-бокстун эң оор түрү)
Жактырган чыгармасы – “Гүлсарат”
Тасмасы – “Клик”
Жактырган трюгу – “Webster”, “Awakaner”
Билими – Борбор Азиядагы Америка университетинин юридикалык факультетин 2008-жылы аяктаган
Туулган жылы – 1985-жыл, 10-август
Бойдок. Бишкектеги Аламүдүн-1 кичирайонунда жашайт

«ЖЕКИ ЧАНДЫН ТРЮКТАРЫНА АНЧА ЫРААЗЫ БОЛБОЙМ»

Эми сөз кезегин трикер АЗАМАТ АБЫЛАЕВге берели. Бул каарманыбыз трикинг боюнча бир катар эл аралык мелдештерде кыргыздын атын чыгарып келет.

– Азаке, бул спортко кандайча келип калгансың? Трикинг сен үчүн эмне?
– 3-курста окуп жүргөн кезимде акробатика, брейк бийине абдан кызыга баштадым. Бир жолу трикинг боюнча видео көрүп калдым. Анан кызыгуум ого бетер артып, 4 жылдан бери бул спорт түрү менен машыгып келе жатам. Мен үчүн трикинг – жашоомдун эң негизги бөлүгү. Анткени ал аркылуу көп ийгиликке жетиштим.
– Трикинг башка өлкөлөрдө абдан популярдуу. Ал эми бизде кандай?
– Бизде машыгууга шарт жок экенине карабай, трикерлердин деңгээли жогору. Жеке мен өзүм эл аралык мелдештерге барып жүрөм. 2009-жылы Кёльн шаарында (Германия) өткөн трикинг боюнча эл аралык мелдешке катышкам.
– Ал сапарыңа токтоло кетсең...
– Кызыгы, уюштуруучулар трикинг жакшы өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, ага Кыргызстанды кошушпаптыр. Кыргызстандан барганымды угуп, абдан таң калышкан.Мелдеште көрөрмандарды да, калыстарды да көнүгүүлөрдү так аткаргандыгым менен таң калтырдым. Дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн келген спортчулардын ичинен мыкты жыйырмалыкка илингем.
– Трикингди өздөш­тү­рүш үчүн кандай жөндөм керек?
– Бизге көп балдар ушул сыяктуу суроолор менен кайрылышат. Трикингди аскердик өнөр, брейк бийи менен машыгып жүргөндөр тез үйрөнүшөт. Башкысы, балдардын сөөктөрү ката элегинде баштаганы дурус. Эң негизгиси, машыгууну таштап койбой, дайым аракет кылуу керек. Ошондо гана натыйжа чыгат. Учурда Дене тарбия академиясынын залында машыгып жатабыз.
– Бизде трикингди кесип кылып, андан киреше таап жашоого болобу?
– Бул суроого так жооп берүү кыйын. Учурда англис тили боюнча котормочу болуп ар кайсы жерде иштеп жаткан кезим. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттерден Казакстан, Орусия тараптан сунуштар түшүп жатат. Аталган өлкөлөрдө трикингдин пайдасын көрүп, жашап кетсе болот.
– Трикерлер тасмаларга тартылып калган учурлар көп. Сага да сунуштар түшкөнбү?
– Ооба, андай сунуш түшкөн. Чогуу машыккан Самат Бекбаев, Ерлан Жусупов деген мыкты трикерлер менен Казакстанда тартыла турган тасмага чакырылдык. Ал кино жөнүндө айтууга азырынча эрте.
– Спорттун бул түрү бизде өнүгүшү үчүн эмне кылуу керек?
– Учурда бизде Трикинг федерациясы жок. Кыргыз жеринде трикинг өнүгүшү үчүн көңүл буруу жетишпей жатат. Жогоруда айткандай, балдардын деңгээли жагынан кам санабай эле койсо болот.
– Жаракат алгансыңбы?
– Ооба, абдан жаракаттуу спорт түрү болгондуктан, күтүлбөгөн кокустуктар, кырсык дайым коштоп жүрөт. Мисалы, мен бутумду бир нече жолу сындыргам. Бир жолу көнүгүү жасап жатып, бутумду сындырып алып, ооруганына чыдабай эсимди жоготуп койгом. Андан тышкары ийиним да сынган.
– Трикер катары Жеки Чан, Тони Жаалардын тасмадагы аракеттерине кандай баа бересиң?
– Жеки Чан менен Тони Жаа кол­­­­донгон ыкмаларга анча ыраазы бол­бойм. Трикингди эң мыкты өз­дөш­­түрүп, аны жогорку деңгээлде көрсөткөн франциялык трикер Анис Чеурфа деп эсептейм. Азыр ал “Күүгүмдүн” 4-бөлүгүндө дублёр катары тартылууда.
– Сени “Ойгон” (“Wake Up”) бий тобунун өкүлү катары да билебиз. Топко да трикингдин артынан кошулуп калсаң керек?
– Бул топтогу Алишер экөөбүз жакшы тааныштардан болчубуз. Алишер мени ар кайсы кечелерге чакырып, натыйжада топ менен батллдарга чыга баштадым. Дайыма алар менен чогуу жүрүп, анан топко кошулуп калгам. 2008-жылдан бери бул топтомун.
– Үй-бүлөң тууралуу да эки ооз кеп айта кетпесең болбос...
– Үй-бүлөм чакан. Апам жана эжем болуп турабыз. Апам Каржы министрлигинде иштейт. Экөө тең мени ар тараптан колдошот.
– Маегиңе рахмат. Ишиңе ийгилик каалайм!

ТРИКИНГ МЕНЕН АЛЕКТЕНЕМ ДЕСЕҢИЗ...

  • Спорттун жазылбаган эрежелеринин бири бул – алектенүүчүнүн 10 жаштан 40 жашка чейинки куракта болгону дурус. Анткени трикинг ийилчээктикти талап кылат.
  • Эгер сиз трикинг менен машыгууну кааласаңыз, эң башкы нерсе, секиргенде жерге коопсуз жумшак түшүүнү жакшылап үйрөнүңүз. Анткени трикинг жаракаттуу спорт түрүнө киргендиктен, түрдүү жаракат алган мисалдар көп кездешет.
  • Кинодон көргөн трюктарды жашоодо даярдыксыз кайталабай эле коюңуз.
  • Өз алдынча машыгуудан кокустукка учурап калышыңыз ыктымал. Ошондуктан бардык шарты бар залда машыккан талапка ылайык.

Эрлан Нурманбетов
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Трикинг
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
J.T.
2011-08-02 07:06:42
Aza Azamatsyn,Onugo Ber!
0
azikoazamat
2011-08-02 13:41:43
Азамат Абылаев Эрлан Жусупов
abylaev_azamat@mail.ru
0
Melis-Aruuke
2011-08-03 21:08:03
Молодцы!
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан