АПТАПТАН САКТАГАН КӨЛМӨЛӨР

Жайкы аптап. Баары Ысык-Көлдө. Бирок «убакыт болсо акча жок, акча болсо убакыт жок» болуп көлгө жете албагандар да жок эмес. Бул жагын эске алып, Бишкектин тургундары үчүн курулган көлмөлөр тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

Инструктор-суучул, прапорщик Рустам Жылкыбаев:
«СУУГА ЧӨККӨНДӨР КӨП»
– Комсомол көлүнө күнүгө 500-600, ал эми дем алыш күндөрү 1000ге чейин киши келет. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу чөккөндөрдүн да саны көп. Алардын көпчүлүгү мас абалындагы 18-35 жаштагылар. Мас абалында сууга түшүп, сүзө албай чөгүп кетишүүдө. Үн күчөткүч менен “жээктен ары 10 метр алыс барбагыла, аркы бетке сүзүп өтпөгүлө” деп улам эскертип турабыз. Өзүнө ишенип ортосуна чейин кетип калып, чарчап чөгүп кетишүүдө. Анан да жанындагысы чөксө, бизге айтпай эле өздөрү куткарабыз деп аракет кыла беришет. Куткара албай калганда гана бизге келишет “ушундай болуп кетти” деп. Бизде жардам берүүгө керектүү бардык жабдыктар бар. Төрт кызматкер ар дайым кызматта. Экөө Пионер көлмөсүндө, экөөбүз бул жерде күзөттө турабыз.

ГЭС-5 көлмөсүнүн администратору Дамир Жолдошев:
«ДААРАТКАНА ТУРСА, БАДАЛДЫН ИЧИНЕ КИРИШЕТ»
– Быйыл киши аз. Бул жакка келе турган жол оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу тосулуп салынгандыктан, июнь айында киши деле болгон жок. Жол ачылгандан бери келе башташты. Бирок былтыркыга салыштырмалуу аз.
Эс алуучуларга жакшы шарт түзүп берүү үчүн болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Быйыл душтарды салдык. Көлмөдөн чыккандан кийин жер астынан чыккан таза суу менен чайканып алышса болот. Ошондой эле дааратканаларды оңдоп жатабыз. Кафелер, дүкөндөр бар. Баалары карапайым элдин чөнтөгүнө туура келгидей коюлган. Таштандыларды салуучу челектерди орноттук. Бирок көпчүлүк болгондон кийин таза кармоо кыйын экен. Бирөөсү челекке барып таштаса, бирөөсү отурган жерине эле таштап кетет. Анысы аз келгенсип даараткана турса, бадалдын арасына кире калгандар да жок эмес. Эс алуучулар биринчи кезекте өздөрүн сыйлашса.


Жылмайып коюңуз!

ГЭС-5 көлмөсүндө. Катамарандын ээси үн күчөткүч менен:
– 9-номердеги катамаран! Жээкке келиңиз, убактыңыз аяктады!
5 мүнөттөн кийин кайра:
– 9-номердеги катамаран! Жээкке келиңиз! Келбесеңиз айып салабыз!
Анын жанына жардамчысы келип:
– Байке, бизде, болгону, 7 катамаран болсо, тогузунчуну кайдан алдыңыз?
Тиги көлмө тарапка кечке тигиле карап:
– 6-номердеги катамаран! Эмне, сизде бир жамандык болдубу?


КҮНГӨ ТУУРА КҮЙҮҮНҮ БИЛЕСИЗБИ?

КҮНГӨ КҮЙҮҮНҮН ЖОЛДОРУ
Күнгө күйүү үчүн туура убакыт – эртең мененки саат 9дан 11ге чейин жана түштөн кийин 16дан 19га чейин. Күнгө күйүү 2 сааттан ашпашы керек. Биринчи күнү эле 2 саат кактанууга болбойт. Себеби денеде аллергия пайда болушу мүмкүн. Алгач күнгө чыгып күйүүнү 5 мүнөттөн баштоо керек. Андан кийин 10 мүнөт. Ошентип отуруп, шашпай 2 саатка жеткиребиз. Ошондой эле күнгө жылаңач чыгып алуу да туура эмес. Андыктан биринчи жолкусунда колуңузду, анан бутуңузду күнгө кактаңыз. Ошентип, денеңиз кичине ысыкка көнгөндөн кийин үстүңүздөгү кийимди толук чечип, 2 саатка чейин күнгө кактансаңыз болот. Күнгө күйүүдө көздү, чачты жана бетти өзгөчө сактоо керек. Бул үчүн пляжга барарда баш кийим, күндөн коргоочу көз айнекти унутпаңыз.
Эсиңизде болсун, пляжда желге курганууга болбойт. Себеби денедеги суунун тамчылары линзаларды пайда кылып, нормадан ашыкча күйгүзүп жиберет. Андыктан жөн гана аарчынганыңыз туура.

КИМДЕРГЕ КҮЙҮҮГӨ БОЛБОЙТ?

  • Онкологиялык ооруга чалдыккандарга;
  • Кош бойлуу айымдарга;
  • 5 жашка чейинки балдарга;
  • Варикоз менен ооругандарга;
  • Рак, жүрөк оорусу барларга, кургак учук менен ооругандарга;
  • Терисин бир нерсеге жаңы кестирип алгандарга;
  • Бетинде сепкили барларга (себеби бетке жайылып кетет);
  • Биринчи типтеги терилүүлөргө.

КҮНГӨ КҮЙҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ КРЕМДЕР
Кадимки кремдер денеге бат сиңип кеткендиктен, жетиштүү жардам бере албайт. Андыктан күнгө күйүүдө терини ашыкча күйүп калуудан коргоо үчүн атайын чыгарылган крем жана майлар бар. Аталган каражаттын сыртында жазылган колдонуу ыкмасын окуп, аны туура аткаруу керек. Эгер туура колдонбосоңуз, денеңиз күйүп калышы мүмкүн. Алсак, кремди өтө калың сүйкөп алсаңыз, ал ысып чыгат да, кайра сиздин денеңизди күйгүзүп жиберет. Денеңиз жумшак жана тегиз күйсүн десеңиз, кремди кол жана буттан баштап жүрөктү көздөй массаж кылуу менен сыйпоо керек. Эскерте кетчү жагдай, мындай кремдерди аллергиясы бар адамдар колдонууга болбойт.

КҮН НУРУНАН САКТООЧУ КРЕМДЕР
Пляжда күндүн ультрафиолеттүү нурунан коргонуу кремин алууда анын курамында канча пайыз SPF (күндөн коргоочу фактор) бар экенине көңүл буруңуз. Кремдин курамында SPF 15 деп көрсөтүлсө, ал ультрафиолеттүү нурдан 93 пайыз сактай алат. SPF 30 97 пайыз, ал эми SPF 50 көрсөткүчү бар кремдер күн нурунан коргонууга 98 пайыз кепилдик берет. Бул кремдерди ар бир 2 саат сайын жаңылап сүйкөп туруу керек.

СОЛЯРИЙ
Солярий — жайдын күнү көлгө же эс алуучу жайларга барып күйүп келүүгө убакыт-шарты жок болгондор үчүн чыгарылган жабдык. Мында денени күйгүзүү үчүн ультрафиолеттүү нур бөлүп чыгаруучу лампалар орнотулган. Горизонталдык жана вертикалдык түрү бар. Ал лампалар бөлүп чыгарган УФ-нурдун температурасы 40 градуска чейин жетет. Солярийде 1 жылда 2 жолу 15-20 сеанстан гана күйүү керек. Батыш өлкөлөрүндө жашы жете электерге солярийде күйүүгө тыюу салынган.

КҮЙҮҮНҮН ОҢ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ
Ультрафиолеттүү нур иммунитетти бекемдеп, денедеги зат алмашуу процессин тездетет. Ошондой эле сөөк жана булчуңду бекемдей турган D3 витаминин иштеп чыгууга чоң жардам кылат.
УФ-нурдун терс жактары да жок эмес. Алсак, күнгө же солярийде белгиленген мөөнөттөн ашык убакыт болгон адамдын териси бузулуп, чачы кургап түшө баштайт. Андан да коркунучтуусу, рак ооруларына чалдыктырышы мүмкүн. Андыктан адистердин көрсөтмөсү менен гана күйүү туура.

ТЕРИНИН ТИПТЕРИ
Биринчи типтеги тери. Буга көп сепкили бар ак жуумал, сары терилүү, көк көз жана сары чачтуулар кирет. Бул типтегилерге күнгө күйүүгө болбойт. Анткени териси назик келет. Болбой эле күйөм дегендер болсо, атайын кремдерди күнгө чыгарда жана күйүп бүткөндөн кийин сөзсүз колдонуусу абзел. Күнгө чыгууну жумасына 2 гана жолу 3-5 мүнөттөн баштап, андан кийин 10 мүнөттөн ашырбоо керек.
Экинчи типтеги тери. Аз сепкили бар ак жуумал, сары терилүү, көк көз жана ак саргыл чачтуулар кирет. Булар да биринчи типтеги терилүүлөргө тиешелүү көрсөтмөлөрдү сактоолору шарт. Убактысы боюнча жумасына 3 жолу 15 мүнөткө чейин күйүүгө мүмкүн.
Үчүнчү типтеги тери. Ак терилүү, күрөң жана кара көздүү, кара чачтуулар кирет. Булар жумасына 3 жолу 20 мүнөттөн 5-6 сеанс күйүүгө болот.
Төртүнчү типтеги тери. Кара тору, кара күрөң, кара көздүү, кара чачтуулар кирет. Буларга жумасына 3-4 жолу 20 мүнөттөн күйүү жетиштүү.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
elya2404
2011-08-01 21:19:11
Окучулук кезде, уч айлык каникулда пионер менен комсомол колмосунон чыкчу эмесмин. Солярийге тушпогуло, аябай зыян. Кинодон кордунор беле, кыз куйкаланып калганын, кудай сактасын.
0
Melis-Aruuke
2011-08-03 20:23:31
Кокуй десе, мен 4-типтеги териге кирет экенмин.
0
Таллас
2011-08-04 22:35:51
Комсомол көлү - аябай кир экен. Бир жолу көргөнү барып кайра баса бергенмин. Жыты да бир "аңкыйт".
0
Аида
2011-08-07 04:19:58
info эмне учун менин коммнтимди очуруп койдунар,билсем болобу жаман соз деле жазбадым эле вроде.
0
info
2011-08-07 13:40:02
Аида, Комментарий жазууда жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга болбойт. Сиз жалаӊ баш тамга менен жазганыӊыздан өчүрүлдү. Комментарий жазаарда оӊ тараптагы эрежелерге көз жүгүртүп койсоӊуз.
0
solnyshko
2011-08-11 13:09:24
Мен эки кун кечке кундо куйуп жаттым эле,азыр денем кара болуп,жарылып кетти,кантсем болот,кенеш бергилечи!
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан