12-19-июль күндөрү Түштүк Кореянын Чунчеон шаарында өспүрүмдөр арасында таэквондо боюнча дүйнөнүн 60тай өлкөсү катышкан абройлуу мелдеш болуп өттү. Кубандырганы, мелдешке өлкөбүздүн желегин желбиретүүгө аттанган 9 балакай чоң жетишкендик менен кайтып келишти. Өзгөчө Уланбек уулу Темирбек менен Дамир Шайхуддинов өз курагына жарашпаган эрдик жаратып, өз наамдарына бирден алтын жазып кайтышты.