Францияда жыл сайын өтүүчү велоспорт боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү мелдеш “Тур де Франс” 24-июлда соңуна чыкты. 21 күн ичинде Пиреней жана Альпы аймактарын басып өткөн шайтан арабачылар 3218 чакырымды артка таштап, жарышты Париждеги Елисей талааларында аякташты. Жеңиш шампанын алгач аттырган австралиялык Кэдель Эванс, эң жакындан такымдап келген Энди Шлекти 1 мүнөт 34 секунд басып өтүп, 2-орунга калтырды. Ошентип, ал люксембургдук бир туугандар Энди жана Франк Шлектин армандуу түшүнө айланды.