24-июль күнү Аргентинада футбол боюнча Түштүк Американын 43-биринчилиги аяктады. Мелдештин жыйынтыгында чемпиондукту 3,5 миллион калкы бар Уругвай (финалда Парагвайды 3:0 эсебинде утту) эли тойлоду. Ал эми чейрек финалда мелдештен “учуп” кеткен Бразилия менен Аргентина кепке калышты. Бул жолку мелдештин өзгөчөлүгү – көпчүлүктүн көңүлүн буруп, таймаштын популярдуулугун арттырган күйөрман кыздар болду. “Команда финалга чыкса, чечинем” деген айрым перилер мелдештин аброюн кадыресе арттыра алышты.