ЖЕР САТКАН ТӨБӨЛДӨРДҮ ДЕГИ КУДАЙ УРАБЫ?

“Жакшы падыша жерин кемитпей, элин сактайт. Жаман падыша жерин сатып, элин тентитет”. Бул кепти эч ким төгүн дебес. Бабалар каны-жанын берип сактап, бизге тапшырган жерди башкаларга четинен кыркып берип жаткандарга анда кандай жаза колдонуу керек?

УЛАМАДАН УККАН КЕП...
Эл оозунда эмдигиче айтылган уламыш кеп бар. Ал уламыш боюнча, илгери кыргыз элин кара кылды как жарган калыс, акылдуу хан башкарчу экен. Күндөрдүн биринде кыргыздын бейпил жашоосуна ичи тарып, жеринин кооздугуна көз арткан коңшу жашаган душманы согуш баштагысы келип, шылтоо таппай, хандан ааламга аты чыккан айтылуу күлүгүн “берсин” деп элчи жиберет. Муну уккан кеңешчилери чогулуп келип: “Ханым, уруксат бер! Биз мындай кордукка чыдай албайбыз. Барып элин чаап, душмандын мизин майтарып келели”,- дешет. Анда хан “сурагандары күлүк эле болсо, бердиргиле! Элимдин тынчтыгы үчүн бир жылкымды аямак белем?” дейт. Арадан убакыт өтөт. Баягы душмандар эми хандын ай чырайлуу жаш токолун суратып элчи жиберишет. Хан алардын сураганын берет. Күндөр айга, айлар жылга алмашат. Баягы душмандар эми кыргыз ханына элчи жиберип, чек ара жактагы какшыган какыр талаадан жер сурашат. Хандын кеңешчилери: “Ал чөп чыкпаган жерди бере бериңиз, урматтуу ханым”,- дешет. Ошондо хан: “Жок! Ал жер меники эмес, элимдин жери. Ошол жердин ар бир баскан кадамында биздин ата-бабаларыбыздын каны тамган, сөөктөрү жашырылган. Мен душмандарга алардын үстүн тебелеп жүрүүгө жол бербейм! Кана, кылычыңарды кындан сууругула! Жоого аттанууга убакыт келди!”- дейт. Ошентип, ал барып душмандарын талкалап, жеңиш менен кайтат.
Хандын ошол эли, жери үчүн жасаган ак эмгеги, эрдиги кылымдан кылымга уланып, жерибиз ушул заманга чейин сиз менен бизге жеткен тура.

БИЛГЕНИҢ ОҢ

  • Кыргызстан түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет.
  • Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 415 чакырымга созулат. Өлкөнүн жалпы аянты 198,5 миң чарчы чакырым.

АЛ ЭМИ АЗЫРЧЫ?..
Учурда бийлик башындагы билермандар кыргыз жерин четинен үзүп сатып, Ала-Тоонун керемет жерине сугун артып, алкымын араандай ачкан башка өлкөлөргө устукан бөлгөнсүп таратып жатышат. Жерибизди эл бийлегендер совет дооруна чейин да, союз учурунда да, эгемендүүлүккө жеткенден кийин да сатышууда. Өлкөбүздүн аянты жылдан-жылга кичирейип баратканы ойго салат. Минтип отурсак, келечек муунга кайсы бетибиз менен карайбыз? Ошол себептен ар бир кыргыз жараны, мейли карапайым, мейли чиновник болсун, келечекке көңүл кош мамиле жасабай, өткөндөн сабак алып, тарых чындыгын биле жүрүш керек.

КАЗАКТАРГА ӨТҮП КЕТКЕН ЖЕРЛЕР
Азыр Казакстанга карап калган Кордайдан чыгышты көздөй Михайловка айылына, түндүгү Узун-Агачка чейин кыргыздын жери болуп, Керүү өрөөнү деп аталганы жөнүндө эл арасында сөздөр көп.
Чүйдүн оң жээгин казактарга кырк байталга Жантай хан саткан” деген да кептер бар. Ал эми кай бирлер “Шабдан баатыр саткан” дешет. Жерди сатабы же жылкыга айырбаштайбы, айтор, Жантай “хан” деген атка татыксыз иш жасаган. Анткени Чүй жалпы кыргызга тиешелүү жер эле.
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкери, тарыхчы Темир Асановдун айтымында, Иле дарыясынан бери көздөй бүт кыргыздарга тиешелүү болгон. Казак менен кыргыздардын алгачкы чек ара маселеси калмактарга байланыштуу козголгон. 18-кылымдын орто чендеринде калмактар кыргыз менен казактарга катуу сокку урган. Ошондо калмактарга туруштук бере албай калган түндүк кыргыздар жапырт түштүккө качкан. Анжияндын, Намангандын айланасына жана азыркы Тажикстанга тиешелүү Куляб облусунун аймагына жана Душанбеге чейин барышкан. Ошол окуядан кийин бери дегенде эле 40-50 жылдан кийин кыргыздар кайра Чүй, Нарын, Ысык-Көлгө көчүп келе баштаган. Бул 1755-58-жылдарга туура келет. Арып-ачкан эл айласыз казактардын малдарын чаап ала баштаган. Ошонун негизинде казактар менен карым-катнаш үзүлүп, жер да талаш боло баштаган. Абылай хан казактардын жерин кеңейтүү саясатын жүргүзүп, казак-кыргыздын ортосунда 1771-жылдан 1780-жылдарга чейин чоң согуштар болгон. Акырында согуштан жадаган жана жеңилген кыргыз төбөлдөрү казактарга жерлерин берүүгө аргасыз болушкан. Болжол менен азыркы Казакстандын түштүгү бүт кыргыздардан казактарга өткөн. 1924-жылы чек ара бөлүнгөндө казактар табигый чек катары Чүй суусунун ары жагын алып калышкан. Москвадан келген комиссия маалыматтарды жакшы билбей эле чечип берип койгон.
Казактарга жер берүү азыркы күндөрү да уланып, Курманбек Бакиев бийлик башында турганда Ысык-Көлдөгү 4 пансионат жана Каркыра жайлоосундагы 630 гектар жерибизден кол жууганбыз. Элдин "жер саткан оңбойт" дегени бекер эмес экен. Бакиев да жер саткан Акаевдин таз кейпин кийип, куйругун түйүп, өз элине батпай, өзгөдөн калканч издеп качууга мажбур болду.

ӨЗБЕКТЕРГЕ ӨТҮП КЕТКЕН ЖЕРЛЕР
Калк арасында Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековду “кыргыз жерин саткан” деп күнөөлөгөндөр да жок эмес. Анткени Орозбеков Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы (1927-1937-жж.) болгонго чейин 1924-1925-жылдары Ош округдук революциялык комитеттин жер бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганда Шаймерден Өзбекстанга берилген.
Баткен облусунун аймагында пайда болгон Сох анклавы жөнүндө “өзбектердин партия лидерлеринин бирөөсү бул аймакты кыргыз кесиптешинен карта оюнуна мелдешип, утуп алган” деген имиш калк арасында али күнгө чейин дуу болуп жүрөт. Дал ушул анклавдан учурда кыргыз жарандары ары-бери өткөндө көптөгөн түйшүк тартып, көйгөйлөр жаралып жаткандыгы зээниңди кейитет. Мындан башка Хан-Абад шаары да өзбектерге берилип кеткен.
Өзбекстандын Кыргызстандын аймагында 4 анклавы бар. Мындан сырткары да жергиликтүү бийликтегилердин өзүм билемдигинен кошуна өлкөлөргө берип жиберилген жерлер да бар. Жогорку жана жергиликтүү жетекчилердин кыска ойлуулугунан жана өтө “берешендигинин” айынан өлкөбүздүн кооз аймактары коңшуларга берилип кеткен.
Кыргыз бийлиги чек ара маселесинде мажирөөлүк кылып, өзбек бийлигинин бир тараптуу жасап жаткан аракеттерине чара көрбөй, мурдагы жолдорду таштап, тоо аралата жаңы айлампа жолдорду сала баштаганы – талаш жерлерди талашуунун ордуна ал жерлерди таштай качканы эмеспи. Мындай айлампа жолдорго Жалал-Абад–Ош жолундагы Өзгөн аркылуу айланып өткөн жол, Ноокен районундагы Бүргөндү айылындагы жана Кербен–Ала-Бука жолдору күбө.

КЫТАЙЛАРГА ӨТҮП КЕТКЕН ЖЕРЛЕР
Аскар Акаев президент болуп турганда Үзөңгү-Кууш (болжол менен 90 миң гектар жайыт жер) да Кытайга берилип кеткен. Анын мындай кадамына каршы болушкан Азимбек Бекназаров сыяктуу саясатчылар куугунтукталды, Аксы окуясы да ушунун негизинде чыкты. Ошого карабай Акаев Кытайга кыргыздын жерин карматып жиберди. Анын бул “айкөлдүгү” акыры ажолук тактыдан кубаланышына түрткү болду.
Азимбек Бекназаровдун “Аксы ыйы – улут кайгысы” аттуу китебинде кыргыз жерлеринин кытайларга кеткени тууралуу далилдери менен жазылган:
“Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев, анын М.Иманалиев, С.Аламанов жана башка кызматкерлеринин активдүү жардамы менен 1996-жылдын 4-июлунда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү макулдашуунун натыйжасында Кыргызстан Хан-Теңири чокусунан, Эңилчек түбөлүк мөңгү массивинен, Жаңы-Жер аймагынан (Сары-Жаз дарыясынын жээктери), Боз-Айгыр–Ак-Жээктен (Какшаал дарыясынын жээги) жалпы аянты 358 миң 71 чарчы чакырым жеринен айрылганы аныкталды. Ал эми 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууш өрөөнүнө байланыштуу кошумча келишим А.Акаев менен Цзянь Цзэминь кол койгон бойдон гана жаткандыгы далилденди. Бийлик бул кошумча келишимди Жогорку Кеңешке алып келүүгө аргасыз болду.
Эң кызыгы, 1996-жылдагы кыргыз-кытай чек арасы боюнча келишим Жогорку Кеңештен кандайча өткөндүгү боюнча документ жок. Кытайга бардыгы болуп болжол менен 304 миң 900 чарчы чакырым кыргыздын жери өткөн. Мурда толугу менен кыргыздын жеринде жайгашкан Хан-Теңири чокусу эми Кытай, Казакстан, Кыргызстан – үч мамлекеттики болуп чек ара олуттуу өзгөрүлүп жатса да, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 6-пункту одоно түрдө бузулуп, эки палатада тең бир гана жолу каралып, депутаттардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен ратификацияланган”.

УЧУРДАГЫ ТАЛАШ ЖЕРЛЕР
Кыргызстан Кытай жана Казакстан менен чек арасын толук тактап алган. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым болсо, анын ичинен 320 чакырымы толук тактала элек. Эки өлкөнүн чектеш аймактарында дээрлик элүүдөн ашык талаш жерлер бар. Сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышына да ушул талаш жерлер боюнча пикир келишпестиктер себеп болгон. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаш жерлер да бүгүнкү күндө толук такталган эмес. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 971 чакырым болсо, анын 471 чакырымы талаш жерлер деп эсептелет. Биздин билермандар бул жерлердин дагы канчасын коңшуларга сатып же белекке берип жиберер экен? Эл көтөрүлүп бир карыш да жер алдырбай сактап калууга чамасы жетер бекен?

ИМИШТЕРГЕ ДАЛИЛДЕР

  • Казакстандын Кордай районундагы Чумыш плотинасындагы бир эстеликте: “Бул жерди ата-бабаларыбыз кыргыздардан 40 жылкыга сатып алышкан”,- деген жазуу бар.
  • Шаймердендин Өзбекстанга берилишинин себеби, улуу акын Хамзанын сөөгү ошол жерге коюлган. Ошондуктан өзбектер Москвадан суранып отуруп ал жерди өздөрүнө чийдирип алышкан.

ЖЕР САТКАНГА МАКУЛ ЖАНА КАРШЫ БОЛГОНДОР
2002-жылы 10-майда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында Үзөңгү-Куушка байланыштуу маселе каралып, жыйынга 40 депутат катышкан. Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине Ө.Текебаев менен А.Таштанбеков каршы добуш беришкен. Экөөсү калыс, калган 36 депутат макул деп добуш беришкен.
Макул деп добуш бергендердин белгилүүлөрү: К.Байболов, Т.Балтабаев, А.Жапаров, К.Карабеков, Х.Коркмазов, З.Курманов, К.Осмонов, Т.Сариев, Т.Сарпашев, Т.Усубалиев, С.Чырмашев, А.Шадиев, А.Эркебаев жана башкалар.
2008-жылы 11-апрелде Каркыра жайлоосун жана 4 пансионатты 4-чакырылыштын депутаттары ратификациялап берген. Ошол убакта парламенттеги көпчүлүктү “Ак жол” партиясы түзгөн. Ал эми А.Мадумаров спикер болчу.
Ал убакка чейин анчалык белгилүү боло элек Азимбек Бекназаров Үзөңгү-Кууштун сатылышына каршы чыгып, анысы үчүн куугунтукталгандыктан, Аксы эли аны жапырт колдоп беришкен. А.Бекназаровдун саясий карьерасы ушинтип башталган десек болчудай.

Нурбек Абдыкадыров, Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
leo10
2011-08-01 17:25:08
мляя тиги суротко соз жок, коруп алып жыргап кулдум))
0
muhammed95
2011-08-01 19:40:37
лох болсо емне кылсын...бакев акчага сатып жиберди...акаевтен айласыздан саты деп ойлоймун..егер кыргыздын тарыхы качан толук болуп далилденип калса ошогодагы рахмат айтып естеп журом...кыргызстан качан бардигине дайар болгондо гана согуш кылып албаса а так ечким бербейт..не дегенде кыргызстанды орто азия бойунча ечким корпойт....тажиктерден жерди алал багандан кийн.еми ойлонуп коргуло биздин чиновниктер кандай лох екендиги ...кыргызстандан ким чыксадагы елди ечкачан ойлобойт ону тарих кубо!!!!
0
muhammed95
2011-08-01 19:52:09
биримдиги жок ел еч качан бир мемелекет боло албайт...негизи бизге.некерек? бизге иман менен акыл жана ен башысы биримдик керек биримдик....манас,курманбек ж.б.кандайча алар батыр болду ?
0
azash_86
2011-08-01 20:30:03
Макул дегендердин баары озунун мекенин эч качан ойлобогон ач коз борулор. Алар озунун Бочка курсактарын ойлоп башка канчалаган карапайым элдин кыйналганын билишпеген Эшектер
0
Kana
2011-08-02 09:08:23
Азимбек Бекназаров эркек.
0
kalpakchan
2011-08-02 14:08:14
Акаев мн Бакиев онбосун!жерин саткан,элин тентиткен каргыш тийгирлер!соогунор чет жерде калса экен!алтындай жерлер сатылган кантип чыдадынар экен!
0
asylalt
2011-08-02 14:33:06
Нурбек Абдыкадыров, Асхат Субанбеков сиздер элдин башын айлантырып Текебаев каршы добуш берген деп аны актабагылы! эгерде Текебаев ошол куну калган депутаттарга окшош Парламенттен чыгып кеткенде кворум болбой бул маселе отбой калмак, ал нерсени Текебаев билип туруп атайлап каршы деген добуш берген кворум тузуп бериш учун! бул жерде макул же каршы дегендин баары кыргыз элинин душмандары! Калган кворум болбосун деп чыгып кеткен депутаттар алар элибиздин патриоттору!
0
dubanaev1982
2011-08-02 18:26:47
макул деп. Бакиевтин созун коштогондор жакында эл бачы болом деп журот. Бул депутаттар бири эл башчы болсо. Булар дагы жерди сатып качат. Кыргыздын эл башчыларына олум! Булар элди ойлобойт. Бирин бирин чукуса болду булар. Бирине суроо берсен бирин жамандайт. Бирок созу бир булардын. Эки жуздуу, уурулар, саткындар.
0
880909
2011-08-03 00:00:53
Ошол жерлердин сатылышына катыштыгы бар бардык адамдар силерге кааларыбыз: узаак-узаак жашагыла бирок омурунордун акыркы мин. чейин грамм дагы жакшылык корбогуло, Аллахтын астына барганда силерге ээээээн катууу деген жазаларынан берсин Ошол жерлердин сатылышына катыштыгы бар бардык адамдар силерге кааларыбыз: узаак-узаак жашагыла бирок омурунордун акыркы мин. чейин грамм дагы жакшылык корбогуло, Аллахтын астына барганда силерге ээээээн катууу деген жазаларынан берсин
0
hasimonoka
2011-08-04 02:13:03
bilbeym emne dep aytiwti, 4in ele sogo turgangga soz jok, onboy kaliwsin, tukumu menen, baldari, nebereleri owolordun kg ge batpay kelsin, anday adamdardi jestka nakazat nada. ketiriw kerek anday adamdardi, bejensi kilip.
0
zikonostra
2011-08-04 09:47:54
kazaktar, tokmok taraptagy 4ek ara zymdaryn jyldyryp algan dep uktum ele. 7 aprelden kiin. Bilgender bar beken? Joop jazyp koisonor...
0
Хан
2011-08-04 13:31:38
Бизде азыр элин суйгон жерин суйгон чиновниктер жок болуп жатат, бийликке келсе эле басып алмай, тартып алмай, жеп алмай, кудайдан коркпогондор экен. Бизге ыймандуу, элин жерин сатпаган, Манастын руху менен чонойгон, элин жерин ойлогон, кыргызды которгон башчы келсе деп тилеймин. Кыргыздын ата бабаларыбыз жанын берип, канын берген бир чарчы жер сатылбашы керек. Саткандар бир куну болбосо бир куну жазасын алышат
0
mikluha
2011-08-04 16:09:50
Жерин саткандардын бала-чакалары бактысыз болуп, тукуму курут болсун! Элге батпай, жерге батпай, ата-бабамдын арбагы уруп кетсин!
0
Аида
2011-08-07 04:16:31
каргыштарды угуп алып тобо чачым тик турду.Кандай ойлойсунар ушул комменттерди алар окушаар бекен,а эгер окуп калса аз да болсо ой кетээр бекен?
0
cosmopolit
2011-08-07 17:24:31
Çındıgında abdan keıştuuu alakandaı jerıbız kertılıp oturup jok kalbasa eken...duyNodo Mıllıondogon el jerı jok tentıp jurgondoru kança...kudayım ıyman ınsap bersın!!!Elde brımdık jana ıdeologıya boluşu zaryl...
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан