Актёр Арнольд Шварценеггердин 13 жаштагы Кристофер аттуу уулу Малибуда, көл жээгинде сёрфинг менен машыгып жүрүп жыгылып кеткен. Бир нече кабыргасын сындырып алган Кристофер дароо ооруканага жеткирилген. Кабатыр болгон актёр жубайы Мария Шрайвер менен ажырашып жатканына карабай, учурда уулунун жанында болууда.