КЫРГЫЗСТАН 1 ЖЫЛДА 39 МИЛЛИОН 553 МИҢ ЛИТР СЫРА ИЧЕТ

СЫРАНЫН ЗЫЯНЫ

  • Сыраны ашыкча узак убакыт бою ичүү артериалык кан басымдын жогорулашына себеп болот.
  • Мээнин эс-тутумду жөнгө салуучу функциясына доо кетет.
  • Ачуу кошулмалар жана кулмак (хмель) ичтейди ачат. Анын негизинде тамакты көп жеген адамдын курсагы чыгып, ашыкча салмак жаралуусуна алып келет.
  • Бир литр сырада 45-50 грамм таза алкоголь (спирт) бар. Бул 120-130 грамм арак дегендик. Алкоголь мээ клеткаларын өлтүрө тургандыгы маалым.
  • Арактан ичкич болгонго караганда сырадан ичкич болуп кетүү оңой.

СЫРАНЫН ПАЙДАСЫ

  • Сырада В тобундагы витаминдер 50, С тобундагылар 70 пайызды түзөт.
  • Курамындагы көмүр кычкыл газы булчуңдардын, мээнин, өпкөнүн, бөйрөктүн кан менен жакшы жабдылышына өбөлгө түзөт.
  • Сыра Кока-Кола, мөмө-жемиштердин ширелерине караганда аз калориялуу.
  • Сырадагы ачуу заттар бактерияларга каршы таасир берет жана ашказандын иштөөсүн жакшыртат.
  • Адам 1 күндө 1 литр сыра ичсе, ден соолугуна коркунуч келтирбеген болот. 1 литрден ашык ичүү зыян!

P.S. Инфографика Кыргыз өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгаруу, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча даярдалды. Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, 2010-жылы Кыргызстан 48 миллион литр сыра керектеген, «ортодогу 18 пайыздык айырма көмүскөдө» деп жогорудагы агенттик билдирет.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
elya2404
2011-08-01 10:40:57
"КЫРГЫЗСТАН 1 ЖЫЛДА 39 МИЛЛИОН 553 МИҢ ЛИТР СЫРА ИЧЕТ" аш болсун, башка эмне дейбиз. Зыянын, пайдасын жазып жакшы кылыпсынар, рахмат!
+1
solomon3dark
2011-08-01 12:27:33
Ичпегиле... Кыяматтын босогосунда турабыз! Дин ал нерседен катту тыюуу салган!
0
muhammed95
2011-08-02 10:26:11
пиво,арак темеки ж.б.мемелекет билип туруп киргизет .ошол алькаголдон канча адам жанын кыйат .мен айтарым кыргызстанга киргизишин токтотсун ..ким алкоголду токтотсо ошол нагыз патирот
0
19zamir87
2011-08-02 14:57:33
1 литр сыра ичкенден көрө 100гр арак ичкен жакшы го..
Сыра ичкенден кийин туалетке жүгүрткөнү жаман,туалет таппай калсаң шооруң куруганы!
0
almasbek
2011-08-03 13:53:22
Ушул арак, пиво ягуар коктейльдер кыргыздын тукумун накта курута турган болду. Пайдасы 1литр емес 200грамм деп жазганын инеттен окугам
Суперде МАССОНдордон аралашып калганго дейм
0
Таллас
2011-08-04 22:30:21
Замке, 100 гр арак ичкенге караганда сразу эле 100 гр спирт деп жазбапсың да %))
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан