ТУРАТ КАСЫМБЕКОВ: «ЖАҢЫ ЖЫЛДАН БАШТАП СТАВКАМ 1000 ЕВРО БОЛОТ»

– Турат мырза, сиздин оюңузча, кымбат тамада кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Тамада эң биринчиден жогорку билимдүү болушу керек. Көп жерден психолог болгонго да туура келет. Анткени, көп эле кечелерге мурда тил табыша албай жүргөн же жөн гана бири-бирин жактырбаган кишилер келип калышы мүмкүн. Акылдуу тамада ошолорду элдештирип, элдештире албаса да, алардын чатакташа кетүүлөрүнө жол бербей, абалды башкара билет. Сүйлөөнүн этикасын, анан башка өлкөлөрдүн ырым-жырымдары менен бирге чет тилдеринен да билсе андан жакшы. Себеби, башка өлкөлөрдөн коноктор келип катышкан тойлор да болот. Ошондо ал коноктор түшүнүү үчүн тамаданын чет тилинде да сүйлөй алуусу – жакшы нерсе.
– Өзүңүз кайсы тилде алып бара аласыз?
– Кыргызча, орусча. Буга чейин англисче да алып барчумун. Анткени, мурда эки жыл Америкада жашагандыктан, бул тилде оозеки кыйын сүйлөп калгам. Азыр практика жок болуп, кенен сүйлөй албай калдым. Негизи, тамада тойлорду канчалык көп алып барса, ошончолук тапталат.
– Тамада болуп жүргөнүңүзгө канча жыл болуп калды?
– 1986-жылы баштагам. Буюрса, 22 жылдын жүзү болду. Ошондуктан, мен өзүмдүн баамды билем. Азыр ставкам 500 евро болуп жатса, жаңы жылдан кийин 1000 еврого көтөрөйүн деп жатам.
– 1000 евро биздин эл үчүн кымбат болуп калбайбы?
– Бул той ээлеринин шартына жараша да. Мисалы, мен жакшы ресторанда, кыйын музыканттардын коштоосунда, башкача айтканда, колунда бар адамдардын тойлорун алып баргым келет. Арзаныраак тамадаларды каалагандар үчүн ылайыктуу тамадаларыбыз абдан көп. Ставкамды көтөргөнүмдүн дагы бир себеби – жумушума көбүрөөк көңүл бурайын дегеним. Азыр 500 евро дегенде эле жаңы жылга чейинки жума, ишемби күндөрүм заказга толуп калды. Ошондуктан, мага кайрылгандардын көбүнө “жок” деп айтууга туура келип жатат. Анын үстүнө, мага жакпагандардын тойлорун алып барбай койгон учурларым болот.
– Жакпагандардын арасына кимдер кирет?
– Мисалы, жапжаш кыргыз кыздары менен 20-30 жаш улуу болгон чет өлкөлүк эркектердин үйлөнүү үлпөт тойлорун алып баргым келбейт.
– Иш учурунда тамадалардын ичкилик ичкендери туурабы?
– Сөзсүз түрдө ичип коюш керек. Бирок, тойдун атмосферасында болуш үчүн бир аз гана. Ал эми тойду алпарып жаткан учурда мас болуп калып жаткан коллегаларыма “намысыңарга келгилечи, тойду алпарып жатып мас болуп калганга жетпегилечи?!” дейт элем. Өздөрү эле уят болуп жатышпайбы.
– Өзүңүз үй-бүлөдө шайырсызбы?
– Жубайым Индирага курбулары “сага жыргал, кандай шайыр киши менен жашайсың” деп айтышат экен. Чындыгында, андай эмес. Мен үйдө көп сүйлөбөгөн кожоюнмун.
Тамада жалдагыңыз келсе...
Учурда көпчүлүк адамдарга тойлордун тамадасыз өткөнүн элестетүү кыйын болуп калды. Ошондуктанбы, айтор, күн өткөн сайын тамадалар көбөйүүдө. Алардын арасында атактуулары да, атактуу эместери да бар. Мына ошондой өзгөчөлүктөрүнө жараша ар бири өзүнө баа коюп алаары белгилүү. Төмөндө биз окурмандарды атактуу тамадалардын ставкалары менен тааныштырууну туура көрдүк...

Аты-жөнү

Баасы

Кошумча маалымат

Турат Касымбеков

500 евро

Жаныбек Алыкулов

700$

Музыкалык аппаратурасы, ырчы-бийчиси менен

Турусбек Жумалиев

500-1000$

Асылбек Өзүбеков

500$

Музыкалык аппаратурасы менен

Салтанат Саматова

500$

Мерген Турган

300-1000$

«Мерген шоу» менен

Кубаныч Эсенбаев

8000-13 000 сом

Борончу Кудайбергенов

12 000 сом

Байыш Момунов

500$

Музыкалык аппаратуралары, бийчиси менен

Бакыт Байсариев

300-500$

3-4 номер бийи менен

Рахман Разыков

10 000-12 000 сом

Абдылда Иманкулов

10 000-12 000 сом

Юрий Бобков

10 000-12 000 сом

Санжар Бердибеков

10 000-12 000 сом

Талант Анарбаев

10 000-12 000 сом

Тынар Курбаналиев

10 000-12 000 сом

Рысбек Жантөрөев

10 000-12 000 сом

Нурмат Абыкеев

10 000-12 000 сом

«Жийде» тобу менен

Бактарбек Абдуразаков

10 000 сом

Айылчы Орозалиев

8000-10 000 сом

Райхан Абдувалиева

300$

«Периште» тобу менен

Чыңгыз Мырзаев

300$

Кубик Калыков

200-300$

Камчыбек Сарыбаев

8000 сом

Жеңиш Кангелдиев

8000 сом

Аскат Сулайманкулов

8000 сом

Бакай Шүкүров

8000 сом

Нурдөөлөт Копоев

6000-8000 сом

Назира Жетигенова

200$

Анарбек Сардарбеков

6000 сом

Кубаныч Осмонов

5000-7000 сом

Бул тамадалардын борбор шаарыбыздын ичиндеги гана ставкалары болуп эсептелет. Эгер аларды башка облустагылар өз тойлоруна чакыргылары келсе, ушул эле ставкага кошуп жол киресин да төлөп бериши керек.
Ал эми өлкөбүздүн ар кайсы облустарында тамадалардын ставкалары жалпысынан алганда төмөндөгүдөй:

Чүйдө 3000-8000 сом.
Таласта 2000-6000 сом.
Ысык-Көлдө 1000-6000 сом.
Нарында 1000-4000 сом.
Жалал-Абадда 1000-6000 сом.
Ошто 1000-6000 сом.
Баткенде 1000-3000 сом.
Ошондой болсо да, облустардагы жергиликтүү тамадалар эмгек акысын көп учурда бартердик түрдө алышат. Мисалы, чакан тойдун ээсинен бир кой, ал эми чоң тойдун ээсинен болсо торпок. Бирок көпчүлүк тойлор бышыкчылык убакта болгондуктан, кээде тамадалардын төө буурчак, картошка, алма, алмурут менен эсептешкен күндөрү да болот.

Бетти даярдаган Гүлмира Турманбетова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан