Өткөн аптадан бери басылма беттерине “КТРКнын “Ала-Тоо” программасынын журналист кыздары өз ара чырдашыптыр” деген макалалар байма-бай жарык көрүүдө. «Аталган телеканалдын кабарчылары Зарема Мусаева менен Мээрим Сырдыбаева экөөлөп кесиптеши диктор Нуржан Ташболот кызын сабап салышкан. Учурда Нуржан Ташболот кызы ооруканада. Бул иш боюнча Бишкектин Октябрь РИИБи тергөө жүргүзүүдө. Нуржандын атасы акыйкаттык издеп ар кимдин эшигин кагып жүргөн кези. Ал эми кесиптешине кол көтөргөн кабарчы кыздар дале парламентте маалымат топтоп жүрүшөт» деп жазышат булактар. Теленин жүзү болуп келген кабарчылардын кылыктары ушул болсо, калганы кайда барат?