Учурда Юрмалада өтүп жаткан “Жаңы толкун-2011” Эл аралык сынагында биздин ырчылар Арсен менен Айбек өнөрлөрүн көрсөтүп жүрүшөт. Алар менен байланышканыбызда “биз сынактын 10 жылдык мааракесине туш болуп калыптырбыз, андыктан өзгөчө шаан-шөкөт менен өтүп жатат. 28-июль күнү “I Sweer” (“Мен сөз берем”) деген дүйнөлүк хит ырды аткардык. Ал күндүн жыйынтыгы боюнча, 5-орунда келе жатабыз. Толкунданып, сүрдөп абалыбыз бир укмуш. Албетте, жеңишке жетсек деп тиленип жатабыз” дейт Арсен. Бул сынакка 14 өлкө катышкан. Ал эми ырчылардын сынакта аткарган чыгармасын бул жерден көрө аласыздар.