Актёрлор Мирлан Абдулаев жана Адил Кайыпов “Blue eyes” (“Көк көз”) аттуу киностудия ачышты. “Экөөбүз тең элге керектүү бир иш баштасак деп кыялданчубуз. Учурда ал кыялыбыз орундалып, минтип киностудиялуу болуп кубанып турабыз. “Көк көз” деп атап алганыбыздын себеби экөөбүз тең көк көздүүлөрдү жакшы көргөндүгүбүздө”,- дешет актёрлор. Демек, бул студиядан тартылган клип, тасмаларга жалаң көк көздүүлөрдү тартышат окшойт. Кызык, андай болсо көп ырчылар ырдаган кара көздөргө кыйын болот го.