ЦИРК ХАНБИЙКЕЛЕРИ

“Жигитовканын” жигиттеринин ырымдарынан:
Циркте оюн тууралуу эч качан “акыркы” деген сөз айтылбайт.
Эл алдына чыгарда эч ким жуунбайт. “Топтогон энергия жуулуп кетет” деген түшүнүк бар.
Семичке чагышпайт. Бул жаман жөрөлгө. “Энергияңды ашыкча жумшап салуу” дегенди түшүндүрөт.
“Жигитовка” башталганда биринчи чыккан ат манежде заңдап койсо, жакшы жөрөлгөнүн белгиси.
“Жигитовка” ээ болгон сыйлыктар:
Францияда – “Хрусталь манежи”;
Италияда – “Алтын Цирк”;
Кытайда – “Искусство күнү” фетсивалдарынын жеңүүчүсү.

“Беш жигитим, беш атым, эки кызым бар”
Мынакей, катар чуркаган аттардын үстүнөн тикесинен туруп чаап, улам бир атка секирип, анан бири-биринин ийинине чыгып улам бир фигураны көрсөтүп, чуркап бараткан аттардын тулку боюнан айланышкандар. Жибек көйнөктөрүн желбиреткен кыздардын жигиттерден кем калышпай тыйын эңип, кыргыздын илгертен келе жаткан оюндарын жаңы мотив менен аткаргандарын көрүү кандай укмуш!
Мындай программаны ат өнөрпоздору “жигитовка” деп атап алышкан. Кыргыз циркинин оюндарына келген адамдардын эсинде ириде ушул номерлер сакталып калчудай. Көрүүчүлөрдүн арасынан акырын суурулуп чыгып арена артына өтүп, эр жүрөк бул өнөрпоздорду таап, башын бириктирип жүргөн Алмазбек Раимкуловду кепке тарттык.
– Алмаз байке, ысымыңыз атактуу мушкерибиздикиндей экен...
– Ооба. Цирктен жакшы кабары жок адамдар атымды биринчи укканда Америкадагы мушкерибизди элестетип алышат экен. Мындай окуяларды мушкерибиз белгилүү боло баштагандан бери көп угуп калам.
– Сөздү «цирк сиз үчүн эмне?» деген суроодон баштагым келип турат...
– Цирк – менин бүтүндөй жашоом. Баарынан кымбат нерсем.
– Канча жашыңыздан бери цирк менен жуурулушуп келе жатасыз?
– 18 жашымдан баштап.
– Ат оюндарын тандап алганыңыз деле бекеринен болбосо керек...
– Кыргыз уулу илгертен эли-жери менен катар эле жылкыны сыйлап, таптап минген. Андыктан, бул өнөр ата-бабабыздан кандан-канга өткөн нерсе. Мен, ошондуктан, кыргыздын бир элементи болгон ат оюндары сөзсүз кыргыз циркинде болуш керек деген максатта ат оюндарын тандап алганмын.
– Оюнга ылайык жылкыны тандоо да оңой болбосо керек. Чет жерлердин асыл тукум аттарынан да алып келесиздерби?
– Чет жерден алып келгенге, оо, көп акча керек. Кыргыз жылкыларынан өтөрү жок. Биздин эле жайлоолордун шибер чөбүн жеген аттардан тандап алабыз. Анан бул жерге келгенде кант, момпосуй, шоколадга көндүрөбүз. Башкача айтканда, жакшы чуркап беришсе шоколад берип эркелетип, көңүлүн алабыз.
– Кокустук айтып келбейт эмеспи. Мындай учурларга карай жигиттерге алдын-ала камсыздандыруу барбы?
– Мамлекет тарабынан эч кандай алдын-ала камсыздандыруу каралган эмес. Кудай кырсыктын бетин ары кылсын. Бирок, жигиттеримдин коопсуздугун өз мойнума алгам.
– Чет өлкөлөрдө да камсыздандыруу жокпу?
– Кайсы бир мамлекетке оюн коюп барарда келишим түзөбүз. Келишимде камсыздандыруу тууралуу да бөлүм бар. Бул бөлүмгө жакшы эле сумма бөлүнөт.
– Бир көргөзгөн номериңер канча убакыт даярдалат?
– 2-3 айдан 2-3 жылга чейин.
– Билишибизче, “жигитовкага” жеке гана балдарды даярдабастан, жакында эки кыз кошуптурсуз...
– Ооба, жүрөктүү эки кызды кошком. “Алар жөнүндө мен айткандан көрө, өзүлөрү жооп беришсин” деген Алмаз байке бизди жаңы эле оюн көрсөтүп келип беттери албыра туруп калган кыздын жанына ээрчитип барды. Алгачкы маектешибиз Светлана болду.
“Колум жигиттердикиндей катуу”
– Өзүң кыргыздын эле кызы экенсиң. Света цирк аренасындагы атыңбы?
– Светлана деп апам коюптур. Жакындарына жарык чачкан кыз болсун деп.
– Жакшы. Света, “жигитовка” эркектер аткаруучу опурталдуу ат оюну экен. А сен Кыргызстанда бул өнөрдү аркалаган жалгыз кыргыз кызы экенсиң. Мындай оюнду кандайча тандап калдың? Ата-энең тараптан каршылыктар болгон жокпу?
– Баары эле таң калышат. 4 жашымдан 18 жашыма чейин балет жаатында билим алдым. Азыр 20 жаштамын. Балериналар катардагы кыздардан назик келишет эмеспи. Мен да тал чыбыктай ийиле бийлеп жүрүп эле капысынан циркке кетип, андан да жигиттерге ылайык “жигитовканы” тандап алдым. Ата-энем менин каалоомду толук колдошту, айрыкча апам.
Менимче, бул – тагдырдын мага деген белеги. Менин жылкы жаныбарын абдан жакшы көрүшүм да кошумча болду окшойт.
– Жигитиң кызганбайбы?
– Жигитим жок, бирок, күйөрмандарым көп.
– Жигиттер менен теңтайлашуу оор болсо керек?
– Биринчи келгенде чынында эле коркком. Бирок, Алмаз агайдын жардамы менен баарын жеңип чыктым. Үч айдын ичинде ийгиликке жетиштим десем болот. Ушул жылдын 31-августунда биринчи жолу эл алдында өнөрүмдү тартууладым. Бул өнөрдү өздөштүрүп кетүүгө денемдин ийилчээктиги жардам берди.
– Назик балеринага ат үстүндө шамал менен жарышып, кайыштан жасалган катуу ооздукту кармап, атты башкаруу бир топ оор болсо керек...
– Жаңы келгенде колум, бутум жооруп жүрдү. Колум менен бир нерсени кармай албай бинт менен таңып жүргөн күндөрүм да болду. Үч айдын ичинде 7 кол кремин түгөттүм. Канчалык кремди шыбасам деле колдорум катуу болуп калды. Меники да жумшагыраак. Биздин жигиттерибиздики тим эле темирдей.
– Жыгылып бир жеримди майып кылып алам деп коркпойсуңбу?
– Циркте иштөө, албетте, өтө коркунучтуу, бирок, Кудайым колдойт. Экинчи жолу эл алдына жаңы эле атка минип, манежге чыгарымда буттарым түйүлүп калса болобу. Номерди аткара албай калат экем деп ошондо коркуп ыйлагам.
– Эл алдына чыгарда толкундооңду кантип басасың?
– Чыгарда Кудайга жалынам. Мен эмес циркте иштегендердин баарынын салты ушул. Ал эми көшөгөнүн артына кирерим менен “Сникерс” жейм да, өзүмө келип отуруп калам.
Аңгыча Светанын шериктеш кызы келип калды.
“Кыргыз жигити үчүн кыргыз циркин тандадым”
Өзүн Виктория деп тааныштырган бул кыз москвалык экен. Кызыгы, ал да балерина болуп чыкты. Виктория Англияда иштеп жүргөн кезинде кыргыз циркине барып, “жигитовкадагы” Данияр аттуу жигитти жактырып калган экен.
– Демек, цирктеги кыргыз жигитин жактырып калганың үчүн өз кесибиңден баш тартып “атчандарга” келип ко­шулгансың, туурабы?
– Мен сүйгөнүм Даниярды Англиядан таптым. Анда театрда иштечүмүн. Ат жалында шукшурулган Даниярдан көзүмдү ала албай көргөм. Оюн бүткөн соң аны менен таанышпай кетип кала алган жокмун. Ошентип, табышып калдык.
– Балеттен “жигитовкага “ өтүп калышыңа Данияр себепкер болдубу же кыргыз цирки жакшы төлөп берет бекен?
– Мен Данияр үчүн балериналык карьерамды таштадым. Албетте, Москвада көп алчумун. Бирок, мен үчүн азыр кыргыз жери, анан кыргыз жигити Данияр кымбат.
– Кыргыз циркинде иштеп калганыңа канча болду? Эмне ийгиликтерди жарата алдың?
– Үч эле ай болду. “Аракет кылсаң, берекет” дегендей ушул кыска мөөнөттө “жигитовканы” аткарган жигиттердей болуп эл алдына чыга баштаганым – мен үчүн чоң ийгилик.
– Кыргыз циркинин эмне кемчилигин көрө алдың?
– Бул жерде ыңгайсыздыктар көп. Мисалы, кийинүүчү жайда шарттар түзүлсө жакшы болмок. Эмеректердин эскилиги жеткен. Ошентсе да, кыргыз циркинде иштегендердин аракетчилдигине тан бердим. “Жок” деп кол куушуруп отургандар жокко эсе экен. Кыргыз жери да жакты. Өмүрүмдүн аягына чейин бул жерде калууну чечтим.
Биздин кызуу маегибизге “кыздар, даярдангыла, силер чыгасыңар” деген чакыруу чекит койду.
“Миң уккандан бир көргөн” дегендей, “жигитовка” ат оюндарына өзүңөр күбө болсоңор арманда калбайт элеңер. Кээ бир трюктар адамдын жүрөк үшүн алып селт эттирсе, кээ бирлерине көздү жумуп жиберип да жаттык. Ал эми цирк ханбийкелери чыкканда көрүүчүлөр бир нерседен корккондой дымый түшүп жатышты. Качан кыздар ийилчээк колдорун көтөрүп «колдогонуңарга ыраазыбыз» деген белги беришкенде ышкырык, кол чабуулар залды жарып кетип жатты. Элге кошула биз да «Баракелде! Кыргызымдын жигиттери, жигит сымал эр жүрөк бийкечтери!» деп кыйкырып жаттык.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан