“Кеңеш” тобунун солисти Мүзүр Мамбетов борборубуздагы көчөлөрдүн биринен машинасын жол чыракка көңүл бурбай айдап баратып, алдынан чыккан унаа менен кагылышып кеткен. “Унаамды 1700 долларга сатып ал” деп догурунган орус улутундагы айдоочунун колуна 25 000 сом карматып араң көндүрдүк”,- дейт жубайы Гүлмира. Баш мээси чайкалган ырчы учурда дарыгерлердин “ооруканага жат” дегенине карабай, үйдө дарыланып жатыптыр. Биз да ырчынын тез айыгып кетишин тилейбиз.