Кайын журттары аз калың төлөп коюшканбы же айтып мактангылары келбей коюштубу, айтор, алпаруучу Роза Ибраимова менен бийчи Назик Исраилова калыңдарын элден жашырып коюшту. Розанын түгөйү Аман – 24 жашта, кесиби программист. Ал эми Назиктин жолдошу Кубат – 31 жашта, кесиби боюнча юрист. Жаңы келин болуп барган жаштардын айтуусу боюнча, таң эрте туруп жүгүнүп, келиндик милдеттерин берилүү менен аткарып жатышыптыр. Бийчи Назик август айында жумушуна чыкса, алпаруучу Розаны теледен күзүндө көрүп калат экенбиз. Созулган сулууларга биз да бакыт каалап кетмекчибиз.