Атай Өмүрзаков 13-июлда Чехияда өткөн “Чехия, Словакия таланттарга бай” деп аталган долбоорго катышып келди. “Дүйнөлүк таланттар арасындагы мелдеш десек да болот, бирок канча өлкө катышканын так билбейм, мен, эң негизгиси, кыргыз бийин көрсөтүп жолума түштүм”,- дейт Атай. Ал эми аталган долбоор ноябрь айында дагы улантылып, андан соң жыйынтык чыгарылат. Андыктан азыртан эле даярдана баштаган бийчини чехиялыктар бааласа эле болду дейли.