Кеңешбек Дүйшөбаев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы: «"УКМКны ЖАБУУ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ДУШМАНДАРЫНЫН АРАКЕТИ"

Өлкөнүн №1-чекисти учурашары менен көнгөн адатыбы же жумуштук салтыбы, кыскасы, сурак менен баштады. “Кимибиз интервью берет элек?” деп ичимден таң калганым бир болсо, экинчиден, Кеңешбек мырзанын мени көздөй жаадырган суроолоруна жооп берүүгө туура келди. “Эмне үчүн капысынан мага кызыгып калдыңар? Мени бирөө заказ кылдыбы?” деген кызыгуусуна жооп тапкан соң “баштай бер, сенин сурагыңа даярмын” деп жылмайтты.

Дүйшөбаев Кеңешбек Асанбекович – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.
1957-жылы 8-июлда төрөлгөн.
1978-жылы СССРдин ИИМине караштуу Караганда жогорку мектебин, 1987-жылы укук таануу боюнча СССРдин ИИМинин академиясын аяктаган.
2005-жылдын 23-24-март күндөрү вице-премьер жана Ички иштер министри болгон.
Үй-бүлөлүү. 2 кыз, 1 уулдун атасы. 3 небереси бар.

– Сизди чочулатпай, маегибизди бала чагыңыздан баштасак. Кай жактын уулусуз? Ата-энеңиз кандай кишилер?
Биздин жумуш белгилүү жагдайларды талап кылат. Бирок сен айткандай, бизге кызыккандар көп. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, саясатка аралашып калган адамдар өзүнүн жашоо-турмушу жөнүндө маалымат берип турушун билем. Антпесе түшүнбөстүктөр жаралат эмеспи.
Өзүм алтын өрөөн – Чүйдүн Кемин жергесинен болом. Шабдан айылында 1957-жылы интеллигенттердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, буюрса, мына, 54түн чайын ичип жаткан кезим. Айылда төрөлгөнүбүз менен, райондук борбор Кемин шаарчасында өскөнбүз. Атам Асанбек Соода жана керектөөчү союзда иштеп жүрүп, 1997-жылы каза болду. Энем Алмакан педагог жана маданият кызматкери. 40 жыл бою райондук китепкананы жетектеп, азыр пенсияда. Атам боорукер жана жумшак болсо, апам тартипти жакшы көргөн жана талапты катуу койгон адам.
– Окуучулук курак дегенде көз алдыңызга биринчи кайсы кадрлар тартылат?
– Энем өмүр бою китепканада иштегендиктен, биз да ошол дүйнөгө жакын өстүк. Азыр эстесем, биздин үйдө эң кызыктуу китептер турчу. Өзүм да чыгармаларга өтө кызыккандыктан, китепканада түнөп кеткен учурлар көп болгон. Анын үстүнө Совет доорунда балдар үчүн аябай кызыктуу энциклопедиялар чыкчу. Сабакка берилүү менен даярданып, кээде мугалимдердин өзүнө такаган суроолорду берер элек.
Анан көптөгөн журналисттер менден “кандайча орус жана кыргыз тилин бирдей жакшы билесиз? Мындай саясатчылар саналуу го” деп кызыгып калышат. Бул да окуучулук кезге байланган. Атам санжыраны жана кыргыздын тарыхын жакшы билген киши эле. Биз жашаган Кеминдеги үч орус мектебине карабай, коңшу Кашкелең айылындагы кыргыз мектепте окутту. Орустардын арасында өсүп калсак да, кыргызча билим алганбыз.
– Бир туугандарыңыздын арасында күч структурасында иштегендер барбы?
– Жок. Мен жалгызмын. Өзүм жети бир туугандын үчүнчүсүмүн. Төрт кыз, үч эркекпиз. Ушул жерден бир сыр менен бөлүшө кетейин. Союз кезинде социалисттик менчикти сактоо боюнча иш алпарган милициялар бар эле. Атам соода тармагында иш алпаргандыгы үчүн алар менен далай ирет тирешүүгө туура келген. Алар текшерип келсе, келишпестиктер жаралбай койбойт да. Анан атам күч структурасында иштегендерди жактырчу эмес.
– Анда кандайча милицияда иштеп калдыңыз?
– Жогоруда айткандай, башым китепканадан чыкпай, тарыхый жана окуялуу китептерди кууп окучумун. Ошол чыгармаларга берилгендигим үчүнбү, кичинемден чалгынчы болууну кыялданып койгом. Бирок атам бул тандоомо каршы болду. Мектепти аяктап, “милицияга барам” десем, атам жол бошотпой турат. Мен да кө­гө­рүп алдым. Атамдын “каалаган жагыңа бар, каалаган жериңде оку, бирок милиция болбо” дегенине карабай, Караганда шаарындагы милициянын жогорку мектебине жөнөп, өзүмдүн күчүм менен өтүп кеттим.
– Иш тажрыйбаңыз кайдан башталды эле? Акаевдер айдалардын алдында бир күндүк министр, вице-премьер болгонуңузга да токтоло өт­сө­ңүз...
– Караганда мектебин кадрларды сапаттуу даярдоо боюнча жакшы баалашчу. Мен тергөө факультетин бүтүрдүм. Ошентип, ишимди Ысык-Ата районунда баштап, эки жылдын ичинде ИИМдин эң мыкты тергөөчүсү деген наамга жетиштим. Бул менин 25 жаштагы ийгилигим болчу. Ошентип отуруп 2005-жылга чейин ар кандай райондордо түрдүү бөлүмдөрдө иш алып барып жүрдүм. 2005-жылдын март айы менин жашоо-турмушума зор өзгөрүүнү алып келди. Экс-президент Аскар Акаев 23-март күнү мени вице-премьер жана Ички иштер министри кылып дайындаган. Бирок өлкөдөгү курч маселелердин тынчтык жолу менен чечилишине мүмкүнчүлүк болбой калган. Өтө кеч эле.
Ага чейин деле бардык кемчиликтерди айтып келгенбиз. Мунун айынан жетекчилик менен кер-мур айтышканбыз. Соңунда биздин позициябыз туура экенин аңдап, мени жетекчиликке алып келишкен. Андан кийинки беш жылда оппозициянын арасында болдум. Бул сапар да бетке айтып турдук. Апрель окуясынын катышуучуларынын бири болдум. Буюрса, былтыркы жылы өлкөнүн тарыхында жаңы барактар ачылып, элге жаңы багыттар көрсөтүлдү.
– Үйдө кандай кожоюнсуз? Адатта, аскер адамдары айтканым айткан, дегеним деген болушат го...
– Жок, катуу десем аша чапкандык болор. Балдарымдын көңүлү менен эле болом. Келинчегим көлдүн кызы, кесиби боюнча тиш дарыгери. Үч баланын ата-энесибиз. Уулум Азат Санкт-Петербург шаарындагы университетти аяктап, учурда Славян университетинде саясат таануу тармагында илимий кызматкер болуп иштейт. Кийинки кызым юрист. Эң кичүү кызыбыз быйыл 9-класска көчтү. Уулумдан бир кыз, кызымдан эки эркек неберем бар.
– Жалгыз уулуңуз атасынын жолун жолдобой калдыбы?
– Мектепти аяктаганда уулумду “укук коргоо кызматына барып, жолуңузду жолдойм” деп айтабы десем, антпеди. Ал илимге кызыгып, тарыхый жана саясий изилдөөлөрдү жактырган адам. Мен балдарды күчтөп “бул жакта окуйсуң” деп кыйнаганды туура көрбөйм.
– Мурункудай китепти кууп окууга азыр убакыт таба аласызбы?
– Ачыгын айтайын, былтыркы апрелден бери өзүмдүн жеке жашоомо көңүл бура албай калдым. Ишенсеңер, бизде кадимкидей эс алуу жок. Ишемби жана жекшемби да кадимкидей эле иш күнү. Апрель жана Июнь окуяларынан бери кандай гана азап-тозокту көрдүк. Бирок былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл туруктуулук орноду. Мунун баарына укук коргоо органдарынын салымы зор. Мамлекетибиздин бөлүнүп, элибиздин чачырап кетүүсүнөн сактап калышты.
Китеп окуу менен эс алганга эмне жетсин? Убактым болуп калса, тарыхый жана сая­сий-публицистикалык адабияттарды окуп калам.
– Кимдир бирөө аңга чыгат, балык уулайт. Сизчи?
– Жаныбарды атууга колум барбайт. Балыкка да “жалко” болуп кетет. Андыктан бул экөөнү тең жактырбайм. Мен тоодо же суунун жээгинде жөн эле сейилдеп басканды жакшы көрөм. Кезинде күрөшкө барып, футбол ойночумун.
– Күн көрүү айлык менен чектелеби же бизнесиңиз барбы?
– Атам убагында бизге жакшы шарттарды түзүп берген. Андыктан эч кандай кем-карчты сезбедик. Айылда өзүбүзгө жараша малыбыз, анан жерибиз бар. 2005-2010-жылдары курулуш иштери менен алектендим. Спорт клубубуз бар. Уулум фотостудия да иштетет. Күйөө балам болсо дыйканчылык менен алек.
– 7-апрелден кийин сизге көп сын айтылат. Эмне үчүн жетекчилик сизди кызматтан кетирбей келет деп ойлойсуз?
– Ар бир адамдын маңдайына жазылган тагдыры болот. Бирок апрель революциясына кресло алуу үчүн катышкан эмесмин. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн чечими менен келдим. Эң кызыктуусу, 6-апрелде УКМКнын СИЗОсунун камерасында отуруп, эртеси эле ушул ведомствонун төрагалык ордуна барып калганым болду. Менин кызматын алмаштырбаган саналуу чиновниктин арасында болушум тырмышуудан эмес. Эгерде президент “кызматты бошот” десе, “жарайт” деп жооп берип, айткан жагына барам. Бул дүйнөдө түбөлүк нерсе жок, баары убактылуу.
– Жакынкы пландарыңыз кандай?
– Алдыда президенттик шайлоону уят болбой, татыктуу өткөрүп алуу маселеси турат. Бүгүн эле “шайлоого катышабыз” деп 24 киши чыгыптыр. Жакынкы эки жуманын ичинде дагы канчасы чыгарын бир Кудай билет. Арасынан татыктуусун, бирок психикасы жайында эместерин да көрүп жатабыз.
– “УКМКны жаап салуу керек” дегендер барган сайын жоон топ болуп баратат, сиздин аларга жообуңуз...
– Андайларды кыргыз элинин душманы деп эсептейм. Күн санап дүйнөдө эл аралык террорчулук, баңгизаттын трафиги сыяктуу маселелер курчуп жатат. Маселен, мына, диний сепаратизмдин өзү ажыдаар сымал болуп турат. Улуттук коопсуздукту жоюу бул – өлкөнүн аймагын картадан чийип салып, элди чачыратып жиберүү менен барабар.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бейне - УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
gulmira111
2011-08-01 14:58:09
азамат!
0
monchok
2011-08-01 17:18:49
воот вот вот дей берет экенда
0
RIELTOR
2011-08-01 22:44:20
Жакшы эле киши корунот го! Элибиздин келечеги,бутундугу учун катырып кызмат кылат деген умуттобуз!!!
0
cosmopolit
2011-08-02 12:53:58
Анчылык кылганды жаман коргону абдан жакты...себеби бул иш КГ дагы чондордун хоббиси го...кому не лень тоого чыгып эле аркар, кулжа бугунун баарын кырып киришет...
0
львица
2011-08-02 17:36:26
адам катары жакшы экен бирок маегинде жарашпаган создор бар
0
Dollar
2011-08-02 19:26:06
monchok dagi 5-6 jolu kaitalap korson, balkim dagi bir kemchildikterinen taap kalaarsin!
0
pipec
2011-08-04 01:42:28
эн грамотный генерал!
0
Амир
2011-08-07 23:15:18
Озунун балдарынын бизнеси жакшы экен. Бирок куйоо баласы да тапканынан кайнатасына берип турабы экен. УККК кыскасы аман эле болсун, "эшегине жараша тушагы"...
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан