Психологдор спорт тармагында эң ырымчыл калк футболчулар экенин аныкташты.
ЭҢ КӨП КОЛДОНУЛГАН ЫРЫМДАР
Футболчулар эл оозунда айтылып жүргөн 3 келесоонун бири экенин билчүмүн (3 келесоо деп мугалим, айдоочу жана футболчу эсептелет. 1-футболчу, анткени 1 топтун артынан үйүлүп чуркап жүрө беришет. 2-мугалим. Баарын билип турса да, сурай берет. 3-айдоочулар. Эртеден кечке автобусун айдап жүрүшөт да, кечинде үйүнө жөө келишет), бирок ырымчыл да экенин угуп таң калдым. Мына кечээ жакында Киев эл аралык социология институту сурамжылоо жүргүзүп, чоң футболдо эң көп колдонулган ырым-жырымдардын тизмесин түзгөн. Алар:
МАЙДАНДА ЗААРА УШАТЫП...
Ойду улай атактуу футболчулардын өзгөчө ырымдары менен тааныштырууга өтсөк.
Аргентиналык дарбазачы Серхио Гойкоэчеа оюндан кийинки пенальтилер сериясынын алдында майдан үстүндө заара ушатчу. Дарбазачынын бул “кылмышы” кооптуу айып соккулары алдында да кайталанып турган.
Франция курама командасынын коргоочусу Лоран Блан 1998-жылкы Дүйнө чемпиондугунда ырымдап, ар оюнду дарбазачы Фабиян Бартездин таз башын өбүү менен баштачу. Ырымдын таасириненби, айтор, ошол жылы Франция Дүйнө чемпиондугун, арадан 2 жылдан кийин Европа чемпиондугун жеңип алган.
Кудум байыркы гладиаторлордой оюн талаасына өнөктөштөрүнүн эң артынан чыккан Криштиану Роналдунун стандарттык соккуларды теберде топтон туура беш кадам артка аттамай жөрөлгөсү да бар.
“Футболду 22 киши ойнойт. Бирок аягында немистер жеңип чыгат” деп айткан англиялык Гари Линекердин ырымы – оюн алдындагы машыгууда дарбазага сокку узатпоо болчу. Бул ырымын ал оюн алдында “алтын” соккуларын сарптап коюудан сестенгендиги менен түшүндүргөн.
БУТТУ ЖУУП ТУРГУЛА!
Италиялык “Интер” жана “Миландын” оюнчуларын дерматолог Руджеро Капуто текшерүүгө алат. Натыйжада алардын 34 пайызында грибок оорусунун инфекциясы табылган. Буга футболчулардын ырымга таянып «бут кийимди жаңылап, кутту качырып алабыз» деп гол киргизген бут кийимдерин жуубай, узак убакыт кие бергендиги себеп болгон.
Кийимди ырымдагандардын катарын Эйдур Гудьонсен менен Герд Мюллер толуктайт. Гудьонсен оюн алдында дааратканага кирип, оюнда канча гол киргизгиси келсе, ошончо ирет формасын өпчү. Ал эми Мюллер «ыңгайлуу болот» деп эки өлчөм чоң бут кийим кийип ойногон.
КАНДАЙ ЫРЫМ КОЛДОНОСУЗ?
Алмаз Мурзалиев,
”Абдыш-Атанын” чабуулчусу:
– Мен үчүн бут кийим чоң мааниге ээ. Ошондуктан ырымдап, оюнга 2 күн калганда бутсамды тазалап, даярдайм. Оюнга чыгарда аны оң буттан баштап кием да, майданды да ошол бут менен аттайм. Албетте, Кудайдан суранууну да унутпайм.
Таалай Жуматаев,
“Нефтичинин” чабуулчусу:
– Негизи, «кара мышык, ак ит» дегендерге ишене бербейм. Футболго байланышкан да эч кандай ырымым жок. Ал эми бут кийимди оң буттан баштап кийип, майданды оң бут менен аттаганыбызды ырым эмес, мусулманчылыкта калыптанган көрүнүш катары билем. Оюндардын алдында командабыз менен намаз окуп, Кудайдан тиленебиз.
Бишкекте Кыргызстан–Өзбекстан футболдук таймашы өтүп жатат. Оюнду көргөнү кыргыздын аттуу-баштуу кишилери, министрлер келишет. Беттеш аякташына 5 мүнөт калганда эсеп 4:0. Кыргызстан жеңилип жатат. Ызаланган КРнын Суу чарба министри өзбекстандык кесиптешине чалып:
– Өзбекстанда сугат иштери качан башталат деп жаттың эле?..
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg