Бир бүркүм... ОТУНБАЕВА ЭС АЛУУГА ЧЫКТЫ...

  • БШКга президенттикке ат салышуу үчүн 26 талапкерден арыз келип түштү. Анын бешөө партиядан, калган 21и өзүн-өзү көрсөткөндөр.
  • Баткен облусунда болуп өткөн жер титирөөнүн жалпы материалдык чыгымы 414 миллион сомду түзөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
  • Оштун мэри Мелис Мырзакматов “Мен издеген чындык” аттуу китеп жазып чыгарды.
  • Бишкек-Исфана жана Бишкек-Баткен аба каттамдарынын баасы 300-400 сомго чейин өкмөт тарабынан арзандатылды.
  • Кыргызстан он өлкө үчүн визалык режимди жеңилдетти. Анын арасында Индонезия, Чили, Венесуэла жана башка өлкөлөр бар.
  • Баткенде зилзаладан зыян тарткандар үчүн 50 миң сомдон акчалай жардам жана 200 миң сомдон үй курууга узак мөөнөттүү ссуда бөлүнө тургандыгын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев билдирди.
  • Айдоочуларга жаңы үлгүдөгү күбөлүк бериле баштады. Анын өлкө ичинде жүрүүгө уруксат берилген күбөлүгү мөөнөтсүз болсо, ал эми чет өлкөлөрдө жүрүүчү түрү үч жылдык мөөнөткө белгиленген.
  • Өлкө башчысы Роза Отунбаева 2011-жылдын 27-июлунан 7-августуна чейин кыска мөөнөттүк эс алууга чыкты.
  • АКШ Кыргызстандын авианавигациялык жабдууларын жаңылоого 30 миллион доллар бөлдү.
  • Тигүү ишканаларынын кызматкерлерине социалдык фонддун төлөмү 876 сомдон 427 сомго чейин азайтылды.
  • Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына арыз тапшырган талапкерлердин саны 30га чукулдады. Тизмеден А.Бекназаров, Б.Табалдиев жана М.Чолпонбаевдин ысымдарын көрүүгө болот.
  • Араван районунун «Чарбак» лагери 50гө жакын кароосуз калган жаш балдарды өзүнүн каражаты менен бекер эс алдырууда.
  • Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы дипломдук ишти тапшырууга 2 миң сомдон пара алгандыгы үчүн кармалды.
  • «31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата абактан 3 миңден ашуун түрмөдө отургандар бошотулат»,- деп Жазаны аткаруу кызматынын төрага орун басары К.Качкыналиев айтты.
  • 26-июль күнү экс-депутат Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү делген Алтынбек Итибаевдин жакындары Ош-Эркечтам автожолун тосуп, ошол эле күнү кайрадан ачышты.
  • Боом капчыгайынан сууга түшүп кеткен машинадагы эки адамдын сөөгүн издөө үчүн Чүй дарыясынын суусу убактылуу буулган.
  • Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 106 миллион доллар насыя берет.
  • «Өлкөдө дарактар Ысык-Көл облусунда эң көп кыйылат»,- деп Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Биймырза Токторалиев айтты.
  • Бишкек шаарында короо шыпыруучулардын саны 31ге өсүп, баары 586 кишини түзүп калды.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
elya2404
2011-08-01 12:58:22
Роза эжекебиз айылчылай берип чарчаганго.
0
Шаиста Шатманова
2011-08-01 18:30:48
elya2404, Кызы Карлыгач менен Ысык-Колдогу резиденцияда эс алат дейт
0
monchok
2011-08-01 14:24:57
Айдоочуларга жаны куболук деген жери эч жакпай калды
0
elya2404
2011-08-01 18:55:19
Менин айдоочу куболугум чет олколордо журуучу туру, мооноту кандай болуп калат, алмаштырыш керекпи же кандай, толугураак малымат берип коесунарбы.
0
kyrqyz
2011-08-02 13:47:51
абактагы адамдарды бошоткону жакпайтат.иш жок дагы бир ишкел жасабаса болгону
0
perish
2011-08-04 00:16:25
абактагыларды бошотушса,анан эртен шайлоодо женилгендери кайра пикеттерге чыгышса,Кыргызстанда настоящий хаос эми башталат турбайбы....!!!!!!!!!!!!
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан