ПИРМАТОВ АЙЫБЫ ҮЧҮН 7 МИҢ СОМ ТӨЛӨДҮ

Депутат Исхак Пирматов кайсы бир телеберүүдө Асылбек Текебаевдин дарегине жалаа жапкан болчу. Ушундай эле айыптоолор, адатта, алты миң нуска менен чыккан “Фабула” гезитине 65 миң тираж менен чыгып, өлкө аймагына таратылган. Көп узабай Асылбек Текебаев бул айып боюнча сотко кайрылат. Райондук сотто Асылбек Текебаев утуп чыгып, Исхак Пирматов сот тарабынан 7 миң сомго айыпка жыгылды (кезинде ушундай эле айыптоолор менен бир нече гезитке миллион сомдон айып салынган).
Ошол эле гезитте “Манас” аэропортунун экс-директору Болот Абдрахманов “Ата Мекендин” кадры болгону үчүн партиянын шайлоо фондуна 4 миллион доллар кошкону да айтылган болчу. Жакында аталган гезит Болот Абдрахмановдон кечирим сурап, актап жазып чыкты. Ошондой эле Болот Абдрахманов “Манас” аэропортунун директорлор кеңешине президент болуп дайындалганынан кабар алдык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
NurUmar
2011-08-01 09:39:00
Бири биринерди чукулаганды качан токтотосунар урматтуу депутаттар.
0
elya2404
2011-08-01 11:11:56
7000сом айып толоп, кыргызстанга аябай чоон салым кошконго! Молодец! Ушундай жолдор менен, хотя бы казынага акча салып тургула, ал жактан жей эле бербей!
0
baibolot71
2011-08-01 11:40:39
Депутаттардын колуна ручка бербей эле таяк берип коюш керек,бирин бирин чукулашканга оной болот.Жок дегенде ошол ишти жакшына дыкаттык менен аткарып турушмак,Аа колдоруна ручка берсен аны пайдаланышты да билишбейт,бирин бири жамандап жазгандан башка.
0
monchok
2011-08-01 15:21:24
бирин олуп бирин кал
0
mamamia
2011-08-02 14:18:49
кэээ бир депутарыбыз даже компьтер колдонгонду билишпейт
0
87a
2011-08-02 14:20:45
Ушулар анан Кыргызстанды онуктурмок беле
0
Debi
2011-08-03 12:35:03
Ушинтип ушактарды кыркып турбаса, азыр ар кимге каралагысы келсе жалаа ойлоп табуу оной болуп калбадыбы, азаматсынар суперчилер ушундай керектуу маалыматтарды чыгарып тургула.
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан