"Эркиндик" менен Көз карандысыздыктын периштеси"
статуялары чын эле окшошуп кетет.
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында жайгашкан “Эркиндик” статуясынын ордуна Манас баатырдын эстелиги орнотулат. Эл арасында “жумуртка басып отурган”, “жарым жылаңач” жана “сол колу менен түндүк көтөргөн аял” деп сындалган “Эркиндик” статуясы коюлган күндөн бери талаш-тартышты жаратып келген. Ошондой эле аны Мексикадагы “Көз карандысыздыктын периштеси” статуясына окшоштургандар да бар.
“Эркиндик” 1999-жылы скульптор Тургунбай Садыков тарабынан жасалып, 2003-жылы “Ала-Тоо” аянтына орнотулган.
Манас баатыр менен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелдери 31-август күнү эгемендиктин 20 жылдык салтанатына карата ачылат.