Алай районунда Тилеке баатырдын айкелин ачуу аземинде вице-премьер Ибрагим Жунусов менен Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү дирекциясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев айтыша кеткенин “Баракелде” кабарлады. Вице-премьер катары кеп алган Ибрагим мырза “түндүк менен түштүктүн кыргыздары бир тууган” деп «ачылыш» жасаптыр. Ал эле эмес, экөөнү Асан-Үсөнгө теңегенде Жантөрө мырза чыдабай кетип: “Түндүк, түштүк бир тууган эмес, бир эл”,- деп вице-премьерди ордуна коюптур.
Бир тууган деп, адатта, казак менен кыргызды айтчу элек. Сөздөн катуу жаңылганын туюп жым болуунун ордуна Ибрагим мырза Жантөрө Сатыбалдиев менен кызаңдаша кетиптир.