28-июль күнү “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырды. Партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары. Буга чейин депутаттын талапкерлиги партиянын съездинде каралып, бирок делегаттардан жетиштүү добуш ала албаган. Анын айынан “Ар-намыста” жаңжал чыгып кетейин деп, мындан улам Феликс Кулов уюштуруу иштери боюнча күнөөнү өз моюнуна алганын айткан болчу. Баары бир тил табыша алышпаган көрүнөт, Акылбек мырза Чокчолой баатырчасынан казатка жалгыз аттанууну чечиптир.