КӨЛБАЕВ КЕЛДИБЕКОВГО БАШ ООРУ ЖАРАТТЫБЫ?

Жоон топ коштоочулар менен Түштүк Чыгыш Азияга барам деп балээге калган Ахматбек Келдибеков эми Түркияга аттаныптыр. Бул ирет коштоочусуз, тымызын.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баш болгон делегациянын Түштүк Чыгыш Азияга атайын учак менен барып келгени катуу сынга алынды эле. Коомчулук депутаттардан коштоочусу көп сапарды жактырган эмес. Эми “ЖКнын шефи тымызын Түркияга учуптур” деген кеп тарады. Бийликтеги маанилүү үч адамдын бири болгон спикердин белгисиз кеткени дагы чууну жаратты. Аңыз кепти төраганын жардамчылары башында жокко чыгарып, “Бишкектеги эле үйүндө отурат” дегенче шашышкан. Шибегени капка ката албай калганда гана “Ахматбек Келдибекович Түркияга эс алуу үчүн кетти” дей башташты.
«Спикердин элге билгизбей тымызын жөнөп кетишине эс алуу эмес, Камчы Көлбаев жакындары менен Араб Эмираттарында кармалышы себеп болду. Төрага Бишкектен түз Эмираттарга жөнөөдөн жазганып, из жазгыруу максатында Түркияга кетти. Ал жактан Эмираттарга сапар алат» деген жоромолдор айтылууда. Эсиңиздерде болсо, кышында «Ахматбек Келдибеков Камчы Көлбаев менен «Капризде» жолугушту» деп чуу көтөрүлгөн. «Ал жолугушууну кримавторитеттер видеого тартып алышкан, спикерди тизгиндеп туруш үчүн» деген кептер да чыккан эле. Төрага мындай табышмактуу сапары аркылуу Камчы Көлбаев менен байланышы бар деген ушактарга жем таштап койду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
RIELTOR
2011-08-01 14:27:17
келдибековдун ордунда кимиси болсо да ошону кылмак.Ансыз(крим чойро мн байланышпаса) бийликте кармалып туруу мумкун эмес.себеби бийлигибиз ото эле алсыз абалды азыркы учурда.Бирок эмнеси болсо да Ахматбек келдибеков кыргыздын ушул учурдагы эн патриот жигиттеринин бири деп эсептейм.Себеби туштук окуяларында эч ким козголуп койбогон мезгилде ушул жигиттер башын сайып журушкон.Камчыбек ташиевдер менен кошо.Ар кимдин ою ар турдуу,коз караштары да!
0
19zamir87
2011-08-01 14:55:36
түрдө жолугушуп турушат..мына Турцияга тымызын кетти!!!
Көлбаев менен жолугабы же башка иши барбы? айтыш кыйын..
0
Shah
2011-08-01 17:12:29
Келдибеков кайда барат ким менен жолугат ал озунун иши.Анын артынан соз кылып семичка саткан кыздарга окшогум келбейт.
0
aina
2011-08-01 19:45:59
Эмнеси болсо дагы ушул эркек мага аябай жагат харизмасы тим эле укмуш бар болсун
0
Debi
2011-08-02 12:23:28
Баарынан да, ушинтип былыгы чыгып жатса деле мурдуларын балта кеспей, беттерин темене тешпей бакылдап суйлоп жургондору тунултот кишини. Буларга деле таянган жокпуз дечи. Малайзияга сапарынын уу-чуусу бутпой жатса, кебелип да койбой ойт берип, тиягына зуу койгонун карасанар. Мактап-жактап шайлап алышкандарын айтайын ушуларды. Эми буларын былжыраптырсынар деген тейде гана шапар тээп журушт. Ойлошот ойт берип эле журо беребиз деп, ойрон болбосонор эле болду, Кудаанын козу туз!
0
meriyanna
2011-08-02 13:38:54
owol Kolbaev degendin koldoi teren taryhy bar okwoit?al bizdin politikteribizdin baarynyn ele bylyktaryn bilse k.k
0
dubanaev1982
2011-08-02 19:09:53
бул депутатар элдин акчасын жегендер. А Камчы менен Алманбет бай депутарды тоногон. Ошон учун депутар суйунуп жатышат. Бул экоону элге жаманатты кылгандар баардыгы эки жуздуулор. Ал экоо элге зыйаны жок. Эл башчылардын арасында сасыткылар.
0
Shah
2011-08-02 23:57:11
Келдибеков бир гана Камчы менен эле эмес , Акаев же Бакиев менен жолукса да Кыргыз журтунун келечеги учун жолугушуна ишенем ал эч качан кыргыз журтун сатып кете турган кишилерден эмес.Жашасын Келдибеков.
0
Abdi
2011-08-03 20:49:49
Ахматбек Келдибеков кыргыздын чыныгы патриоту.
0
mikluha
2011-08-04 16:18:02
Жолукса жоуксун эркектер арасында боло берет. Келдибеков катын эмес да. Эн башкысы элин сатып жерин сатып мамлекетти корго суйробосо болду! Эркек болсо эли учун иш кылсын болбосо коргулукту бат эле корот!
0
aktanbalam
2011-08-08 01:20:53
mikluha, Мээн ордундагы немесинби, криминалдар менен байланышы бар немелер жерин сатмактан сени кошо сатып ийет, о бадыран десе.
0
Balmuzdak
2011-08-04 17:07:50
Мадумаров менен маек болобу Суперде?
0
Balmuzdak
2011-08-04 17:10:46
Келдибековду cыйлайм. Жаман создорго кулак салбай Кыргызстан учун эмгектенип журо бериниз. Сизге чонг чонг ийгиликтерди тилейбиз
0
Rimm
2011-08-05 08:53:31
Келдибеков озу билет ким менен жолугат, ким менен жолукпайт. Чынды билип-билбей туруп эле ар нерсени айта берген болбойт.
0
mirsa
2011-08-07 17:03:48
койгулачы бадырандар
0
aktanbalam
2011-08-08 01:30:52
Вообще соз жок эй кыргыздар кримал менен байланышы бар деген значит ал дагы бандиттен эч айырмасы жок. Башыбызды айлантты го Акайып менен Бакыйыптын куйруктары, кыргызды болуп жарган майланышкан ичип жегичтер.
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан