Чырмаш Төрөбеков, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «ӨЗҮМДҮ БАСКОВГО ТЕҢЕБЕЙМ, АНДАН АШЫП ТҮШӨМ»

Чырмаш Төрөбековду маекке чакырарын чакырып, тартынып тургам. Мүнөзү оор болсо керек деп. Жок, тескерисинче, жадырап-жайнап, бирде ырдай коюп маек куруп отурду. “Мен өз кесибимдин фанатымын, чыгармачыл баңгиге айлангам”,- дейт опера ырчысы.

– Байке, Чырмаш деген ысым кыргызда чанда кездешет, ээ?
– Элдин баары эле таң кала берет, “атың эмнени түшүндүрөт?” деп. Менден улуу агамдын аты Эргеш. Анан Эргешке чырмашып жүрө берсин деппи же уйкаштыктан уламбы, коюшкан экен. Ысым да таасир бердиби, айтор, кичинемден эле ырга чырмашып чыкпай калдым.
– Сизди эл «кыргыздын Баскову» дегенин угуп калам. Үндө окшоштук барбы же “О соле миону” ырдаганыңыздан улам айтылып калганбы?
– Николай Басков экөөбүздүн үнүбүз деле окшошпойт. Менин үнүм лирикалык баритон. Басков ырдап жүргөн ырларды мен да аткарып жүрөм, ошондон улам айтышса керек. Өзүмдү Басковго теңебейм, андан ашып түшөм, бийик коём өзүмдү.
– “Атам менен энеме”, “Ак чардагым” сыяктуу ырларды аткарып жүрөсүз, өзүңүздөн жаралган ырлар барбы?
– Ыр чыгара элекмин. Кээде-кээде пианинодо ойноп отурганда обон келе түшөт. Обончу болуп кетейин деген ой жок, аткаруучу эле болгонум оң. Балким, ыр жараткан убакыт деле келер, азырынча жакшы чыгармаларды жеткиликтүү аткарганым дурус.
– Опера ырчысы болуу анча-мынчанын колунан келе бербейт, кайсы музыкалык аспапта ойнойсуз?
– Опера ырчысы болуу үчүн мен 11 жыл окудум. Канча көп окусаң, музыканы ошончолук түшүнөсүң. Музыка да чеги жок нерсе, изилдей келсең. Музыкалык аспаптардан пианино, комуз черткенди билем.
– Ата-эне үчүн бала алтымышка чыкса да бала бойдон калат. Үйдөн ырга жакыны барбы?
– Атам 75те, апам 74тө. Өмүр бою дыйканчылык менен күн көрүп келген адамдар. 7 бир тууганмын. Эки эжем, эки агам, эки иним бар. «Жети бир тууганга талантты майдалап бербейин, бирөөнө эле берейин» деп жалгыз мага эле берип койгон окшойт» деп кээде тамашалап калам. Анткени үй-бүлөдө ырга жакыны жок.
– Биздин жаш ырчыларга болгон оюңуз кандай? Аларды “өчүп калчу лампочка” деп айтып, тепкилей берген болобу?
– Биз окуп жүргөндө эстрада жаатындагы ырчылар саналуу болчу. Алтынбек Сапаралиев, Шамшыбек Өтөбаев эстраданын баштоочулары эле. Акыркы 10 жылдын ичинде ырчы дегендер козу карындай жайнады. Бардыгы эле өздөрүнчө “звезда”. Мурда комиссия бар болчу, ырчыларды ылгап турган. Азыр эми комиссия жоюлду. Билими жогу да, бары да жүрөт. Ошондуктан жаш ырчыларды тааныбайм. Албетте, тепкилеген болбойт, жок эмес, бар, арасында таланттуулары.
– Кичи мекениңиз Кара-Суу району. Анан “Кара-Сууга Чырмаш келиптир, концерт койгону” дегенди укпапмын...
– Бир жолу оркестр менен концерт койгону барганбыз. Анан эми азыр шайлоодо ырдоо деген чыкпадыбы. Ошондой учурда барып калып жүрөм. Чынында, өзүмдүн киндик кан тамган Кара-Суу районуна, анан Ош шаарына барып концерт коюп келгенге чыгынбай жүрөм. Оюмда бар, Кудай буюрса, күзүндө концерт берсем, андан соң айылыма аттанам.
– Филармония не бир таланттардын таманы тийген жер. Ага карабай иштеген жериңизди “интригага толгон жер” дешет. Эмне себептен?
– Мени менен эч ким катуу салгылашууга бара элек. Бирөө менен урушпайм, бирөөлөр урушса да “өзүңөр чечишип алгыла” деп алыс жылам. Тигинин сөзүн буга башкача айтып уруш чыгаргандар бар, ооба. Бирок мен андай адамдардан алыс жүрөм, баары менен сый элемин. Мен жөнүндө айтылса да көп нерсеге көз жумам. Баарынан да таң калтырганы, “Керим Турапов экөөнүн мамилеси начар” деп чыгарып алышыптыр. Керим агай окууну бүтүп келерим менен жумушка алган инсан. Экөөбүз ага-инидейбиз. Мен анын бүтүн кыргызды ыйлаткан “Апам жапкан нанды сагынам” деген ырын ырдап жүрөм. Көбү чалышат, “эмне талашып урушуп жүрөсүңөр?” деп. “Экөөбүз эмнеге чырдашмак элек, койгула, ушагыңарды” дейм.
– Эмгек сиңирген артист наамын качан алгансыз жана мамлекеттин берген акчасы жан багууга жетеби?
– Наамды алганыма 3 жыл болду. 10 жыл филармонияда иштедим, анан Эмгек сиңирген артист наамын беришти. Жашырбай эле айтам, наам алгандан кийин 5500 сом айлык алчумун. Чындыгында, күнүмдүк жашоого жетпейт. Азыр эми көбөйүп-кошулуп отуруп маянам 7500 сом болду. Ырдан башка шыгым жок болгон үчүн жалаң чыгармачылык менен гана жан багам. Учурда Улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин солистимин. Анан Улуттук консерваторияда сабак берем. Шаарда жашаганыма 25 жыл болду. «Бутуңа туруп кет» деп эч ким жардам берген жок. Баарына өзүм аракет кылып жетиштим, үй-жай күттүм. Бишкектен көгөрдүм дегендей. Мен азыр башка жерге барып иштесем ырдай да албайм, анткени борбор калаага көнгөнмүн. «Мамлекеттен үй берилет» деп жүрүп бир эмес эки президент кетти, үчүнчүсүнүн мөөнөтү аз калды дегендей. Эми жаңысы келсе жардам берер.
– Өлкө башчылары тууралуу сөз болуп калды, жакында ажолукка ат салышчулардан кимди колдойсуз?
– Азыр билбей турам. Анын үстүнө талапкерлердин көбүн эле тааныбайт экенмин. Тааныбагандарды кантип шайлайм?
– Канча жаштасыз? Ушул жашка келип мүдүрүлүп, кайра туруп, тагдырдын оош-кыйышы болдубу же баары майкөл-сүткөлбү?
– 38демин. Турмушта мүдүрүлүү, ойлогон максатка жетпей калуу деген болбоду, Кудай сактасын. Бут тоскондорду көп деле байкабадым. Себеби түз жолдомун, андан тайбай талантым менен келе жатам. Унчукпай, “сиз жакшысыз, макул” деп ырдап жүрө берсең турмуштун таттуусун да, ачуусун да жеңет экенсиң. “Жок, сен эмнеге мындай дейсиң?” десең бүттү, өзүңө душман ашырасың. «Таш ыргытса бир адам, аш ыргыткын» деген принципте жүрөм да мен.
– Кыжырданып турган убакта кантип ачууңузду басасыз? Же жеңебизден чыгарасызбы?
– Бук болуп турганда өзүмдү колго алам. Болбой баратса классикалык ырларды угуп, көңүлүм жайгарыла түшөт. Үйдө катуу уруш деле чыкпайт. Сөз менен эле, акындар айткандай, айтышабыз жеңең менен. Айтыштын да маданияттуу жагына өтөбүз ажылдашпай, “мындай кылсак жакшы эле, болбой калды бүгүн неге?” деп. «Уруш кызганычтан чыгат» дешет. Жеңең кызганса ичинен кызганаттыр, бирок мага айтпайт. Кээде суракка алат “сени өөп, гүл берген ким?” деп. Анда менин жообум “ой, тааныбайм” же “таанышым талантымды сыйлайт да” болот.
– Келинчегиңизден башка кыз-келиндерге көз салган учур болгонбу?
– Жок, болгон эмес. Тескерисинче, мага көз салгандар болгон. Бирок мен аларды “кечирип койгула, жубайым бар, балам бар ” деп жубатып койгом.
– Мектепте эмнегедир “2”, “3кө” окугандар тың чыгат. Сиз канча алчу элеңиз?
– Мен «отличник» да болгон эмесмин. Өткөндө аттестатты карасам бир «3», калганы жалаң «4» экен. Каяктан «3» түшүп калганын өзүм да билбейм. Баса, 9дун күбөлүгүндө жалгыз эле «5» бар экен, ал да музыкадан.
– “Кошуна кыз, кошуна кыз, жаш кезекте жылынганбыз жан эргиткен отуңа” деп ырдайсыз, ошондо сиздин алгачкы аруу махабатыңыз кимге арналган?
– Мектепте окуп жүргөндө бир кызды сүйүп жүрчүмүн. Мектепти бүткөндөн кийин аны көргөн деле, жолуккан деле жокмун. Студент кезде чыныгы сүйүүгө жолуктум. Шайырбү экөөбүз жатаканада кошуна турчубуз. Аны менен чогуу жашаган эки кызга жигиттер келишет эле. Алар келген убакта мен да барып калчумун. Тамашалап эле “Чыке, сен Шайырбүгө эле келдиң” дешсе, “кызык, анан кимге келем?” деп жүрүп эле жакшы сүйлөшө баштадык. Эки жыл сүйлөштүк. Эс алууга чыкканыбызда мен «жүр эми, Ошко чогуу кетели, мен учакка билет алып койдум. Ошко барып, сени Алайга узатып коём» десем, кыз ишенди. Үйдөгүлөргө айтып койгом, бардыгы даяр. Учактан түшөрүбүз менен таксисттин ролундагы досум келди. Алгач “шаардагы кафеге айда” демиш этип, жолдо баратып кайра “ой, мен үйгө кире кетейинчи, бул жакка бурчу” дедим. Үйүбүз аэропортко жакын да, анан ошентип эле жеңеңерди үйгө киргизип алгам.
– Отурбайм деп ыйладыбы анан?
– Жок, болгону, “эскертип койбойт белең, мен да үйдөгүлөргө айтмакмын” деген. «Шашпа, азыр айтабыз» деп үйгө киргизип, жоолук салып, өзүнүн макулдугу менен эле отуруп калган. Мен эми зордоп эле ала качып кеткен жокмун да, болгондо да учак менен ала качкам да, эй.
– Артисттер үй-бүлөгө туруксуз келишет го, биринчиси, жашырууну дегендей...
– Бир кыз, бир уул, анар бир эле аялым бар. Келинчегим экөөбүз консерваторияда чогуу окуганбыз, менден бир жашка кичүү. Окууну бүткөндөн кийин эле кызымды карап, ошол боюнча комуз кармай элек. Кызым Чолпонай 16 жашта. Окуйбуз, иштейбиз деп жүрүп арадан он жыл өтүп кетиптир. Он жылдан кийин Чыңгыз аттуу уулдуу болдук. Чыңгыз быйыл мектепке барат.
– Кайсы жердин күйөө баласы болосуз?
– Алайдын. Күйөө балалык кылып кайындардын сынына деле кабыла элекмин, сыйында жүрөм.
– Ырчылыктын арты менен эмнени көз көрдү да, кулак укту?
– Ыр дүйнөсүнө аралашканыма 23 жылдын жүзү болду. Дос күтүп, сый-урмат таптым. Көп мамлекетке бардым, кыргыздын туусун көтөрүп. Бир эмес, эки жолу өткөрүлгөн сынакта баш байгени жеңип, жеңил автоунаалуу болдум.
– Чырмаш байке, кызуу маектештик деп ойлойм. Дайыма эле кулак сүйүнтчү ырларды аткарып жүрө бериңиз.


Жылмайып коюңуз!

Филармонияда эки опера ырчысы маектешип отурат:
– Николай Басков “О соле миону” анча деле ырдай албайт турбайбы...
– Ээ, сен анын концертине бардыңбы?
– Жок, кечээ анын репертуарынан Чырмаш ырдап берди эле.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Чырмаш Төрөбеков: "Үндөрү жасалма "звездалар" толтура"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
elya2404
2011-08-01 12:13:13
Бактылуу болунуз уй-булонуз менен. Дагы-дагы сынактарга барып, кыргызстандын атын чыгарып, женишке жетип журо бериниз!
0
Juliana
2011-08-01 12:13:14
jubayi tatynakay eken, kyzy atasyna, balasy apasyna okshosh eken, baktiluu bolup juro bergile ar dayim.
0
nurbek_posol
2011-08-01 12:18:24
Талантынызга таазим !!! Сиздей ырчылар саналуу гана. Ырдаганынызды концерттен коргом. Уй булонуз менен бактылуу болунуз !!!
0
19zamir87
2011-08-01 13:18:09
Басковдон ашып түшөм дегенине, мен кошула бербейм.Бирок Кырызстанда алтын үндүүлөрдүн бирисисиз.
Чыгармачылыгыңызга ийгилик,кызыңыз копия экен..сизге!
0
880909
2011-08-02 19:08:15
Бар болунуз! Ийгилик...Бар болунуз! Ийгилик...
0
Narynbek
2011-08-06 23:29:55
Эми Басковдон ашып түшөм деп мактанбай эле койсо болмок.Кыргыздын Баскову деген деле жакшы наам.Басков деле оңой ырчы эмес андан ашып түшкөндөй.Бактылуу бол.Ийгилик сага!
0
№ 456, 29-июль - 4-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан