СЕЗИМДЕР СЕРЕСИНДЕ
АЙТЧЫ, ЖАНЫМ
Мидин Алыбаев
Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?
Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн.
Кайырчыдай каранамын жалдырап,
Айтчы, жаным, качан сенден түңүлөм?
Бүт ээледиң, жүрөгүмдү бийледиң,
Тамтаңдаттың, такыр колго тийбедиң.
Анда-санда жылмайгансып коёсуң,
Же шылдыңың, же чындыгың билбедим...
УНУТУЛДУ
Лариса Асанбекова
Унутулду ушак сөздөр кайдагы,
Көргөнүмдө көздөрүңдү жайдары.
Кусалыгым жеңип менин эркимди,
Ысык сүйүүң кайра өзүңө арбады.
Кайда калды кара булут ойлорум,
Шамал айдап заматта эле жок болду.
Кучактасаң кучагыңда магдырап,
Денем ысып жалындаган от болду.
Сүйүү чачкан көздөрүңдү көргөндө,
Унутулду көңүлдөгү таарыныч.
Эриндерим эриниңе жабышып,
Таркабады жүрөктөгү сагыныч.
АРЗУУ ЫРЛАРЫ
Омор Султанов
Билбейм кайдан табылгансың сен мага,
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Же атайы сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн?
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң.
Биз жолуктук Майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.
Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлоруң да ойлорума киришкен.
Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.
ӨТКӨНДӨРДҮ ЭЛЕСТЕП
Байдылда Сарногоев
Ак төшүңө тийгизгенде төшүмдү,
Коомай айтып “койчу” деген сөзүңдү.
Карагаттай каректериң кылгырып,
Караар элең чала сүзүп көзүңдү.
Кош жүрөктөн учкун учуп, нур учуп,
Кош эриндер бир жалындап, бир ысып.
Эркелешип, элжирешкен кездерди,
Эсиңдеби же койдуңбу унутуп?
Бетиңде эми мезгил салган чыйыр бар,
Улгайдым деп улутунба, сулуу жар.
Жаш кезиндей жалындашып жүрбөйбү,
Биз эле эмес, бизден бир топ улуулар.
Жалын жаштык кетсе кетсин, мейличи,
Келсе келсин, карылыктын белгиси.
Оюбузда өткөндөрдү элестеп,
Он сегизге жаңы чыктык дейличи...
Гүлжамал Бөрүкулова
lira@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Сүйүү чачкан көздөрүңдү көргөндө,
Унутулду көңүлдөгү таарыныч.
Эриндерим эриниңе жабышып,
Таркабады жүрөктөгү сагыныч.
Вау! кандай сонун ырлар, тиги О.Султановдун ырынын обону да бар эмеспи, созуно ойдо келишкен. Жанылбасам, Р.Абдыкадыровдуку болуш керек.
Este kalarlik, kaytalangis baktiluu, baa jetkis, balday tattuu kundordu suyuunun altin sozdoru menen 4agildiriptir!
зорго жургондо журокту эзип иии ииий....
Билбейм кайдан табылгансың сен мага,
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга,
Башкалардын миңи сага татыбай.
Сезим сереси деп ушул саптарды айт!Кайран менин акындарым ий.Бул дуйного дагы бир жаралып,поэзияны гулдотуп берсенер гана!А азырчы...
Муздан ташка айланып бара жаткан жан дуйномду Лариса Асанбекованын ыр саптары ойготуп койду,журогум дагы мурункудай сого баштагандай(махабатка магдыраган журок адаттагыдан башкача согот го дейм)
Сонун экен,соз м.н жеткиликтуу чагылдырылган го.
Азыр да ушундай акындар бар бекен? Биздин ырчылар эмнегедир жалан эле тузу жок ырларды ыдашат го?
Лариса Асанбекованын ырлары мага абдан жакын экен. Аялзатында баары бир сезимдер бирдей аруу болсо керек да ээ...
sonun jazylyptyr! Men Janym menen birge kundorum e4 unutpaim!
ырлар деп ушуну айт.окуган сон башкача жашагын келе баштайт...
Кутом сени саргайуудан кутуп келем.
саргайып сагынуудан жудоп келем.
санаамды санга болуп сагындырган.
келет деп мен озунду кутуп келем.
Умут узбойм келбесен да сени самайм.
тажабайм тандан кечке жолду карайм.
келбесен да келет деген умутум бар.
келсен болоор,кара козду сагындырбай.
Мени дагы нечен деген адам кутот.
а бирок аларга мен конулум жок.
бирок чиркин мен куткон жалгыз адам.
ошол жалгыз оюмду м
Сен баары бир үйлөнүп көр. Жакшы аял туш келсе ийгилигиң, жаманы туш келсе философ болуп чыгасың.
Сократ
сени суйуу азап болду мен учун
жетпей сага жашым токтум мен кун тун
суйом деп мен айта албай кыйналып
жашап келем торго тушкон жан болуп Кээде эстеп элесинди сагынам
Кор чычкандай жолум таппай кыйналам
Кайдасын сен кайда журдун деп айта
албай
Озумдонда кээде сени кызганам Суйуу мага азап болду ойлосом
Суйуп сени кун тундорду откором
Жаштар агып жаздыгыма тып этип
Сени суйом бирок сен аны билбейсин Жалгызсырап жалынамын кудайд