СУПЕРСТАНДЫК-ТАРДЫН АВСТРИЯДАГЫ ЖОЛУГУШУУСУ

www.super.kg сайтынын Москвадагы активдүү колдонуучуларынын жолугушуусу жөнүндө буга чейин жазганбыз. Эми сайтыбыздын Австриядагы колдонуучулары жолугуп, чер жазышты. Алыста жүргөн мекендештерибиздин ынтымагына, алардын биригүүсү үчүн көпүрө болуп бергенибизге кубандык.

КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨБӨСӨҢ, АЙЫП ТӨЛӨ!
24-июлга Австриянын Линц шаарында белгиленген бул кеченин уюштуруучусу Супер-Форумда Aydashka деген ник менен катталган мекендешибиз болду. Бул суперстандыктардын Австриядагы алгачкы жолугушуусу болгондуктан, форумчулар толкундоосун жашырышкан жок. Атүгүл “биз толкунданып жатабыз, эми кандай жолугушуу болор экен?” деген сыяктуу билдирүүлөрдү күн мурун форумга биринен-бири өтүп калтырып жатышты. Ошентип, белгиленген күнү, белгиленген жайга суперстандын 11 тургуну келди.
Жолугушууда алар “жалаң гана кыргыз тилинде сүйлөшөбүз” деген талапты кабыргасынан коюшкандыктан, “оозунан башка тилде сөз чыккан адам 50 цент (22 сомдун тегереги) айып төлөйт” деп чечишкен эле. Муну менен мекендештерибиз бөтөн жерде өз эне тилинде чер жазыша сүйлөшүүнү максат кылышкан экен.

“ТИРҮҮ” БЫЙТЫКТАР ЖАНА ӨЗГӨЧӨ ТОРТ
Жолугушуунун оригиналдуулугу бул – атайын жасаткан быйтыктар (смайлик) болду көрүнөт. Алардын ар бири колдоруна форумдагы быйтыктарды кармап алып, ылайык келген жерден сөздөрүнө колдоно калып тамашалашканын баяндашты.
Ак дасторкондун көркү “Супер-Инфо” Австрияда” деген жазуусу бар ширин торт болгон экен. Кыргызча ырларга бийлеп, болушунча мекенге болгон сагынычты таркатып, өз ара достук мамилесин бекемдешкен алыстагы мекендештер кийинки жолугушуу да алыс эмесин айтып, таркап кетишти...

ЭМКИ КЕЗЕК БИШКЕКТЕ
Кыргызстандагы суперстандыктар да четте калган жок. Алар алдыдагы алтын күзгө укмуштуудай жолугушуу уюштурушууда. Учурда бул жолугушууга каттоо форумдун “Суперстан” бөлүмүндө жүрүп жатат. Андыктан бизге кошулгусу келген окурмандардын баарына эшик ачык экендигин айта кетели.

Мирана Мамырбаева
forum@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
zhazira
2011-08-09 17:36:09
Azamatsynar Avstriyadagy Mekendeshter!!!
0
zzz---zzz
2011-08-09 19:51:42
Эми Роза Отунбаева,Акматбек Келдибеков барган олколорго баргыла.Ошол жактагылар менен да жолуксанар болмок.
0
burana
2011-08-09 20:20:19
ой айдаш сен тим эле укмушсун да малдес!жолугушунар супер болуптур!быйтыктарын сонун болуптур эмгегин кайтыптыр барына жагыптыр!айдаш ишине ийгилик ушунунан жазба !супер алга!
0
Juliana
2011-08-09 22:58:55
amerikada kachan jolugabyz?
0
kuppher
2011-08-10 00:21:28
ooba, amerikada jolugabizbi?
0
EkaMika
2011-08-10 15:37:05
Baarunan da chet olkodo kurguzcha suylop,kurguzcha biylegeni ozgocho bolso kerek!?Videolorun kutup kalam!
0
MEN AND SEN
2011-08-10 15:43:55
Оштон Бишкектеги жолугушууга жете албай ич куйуп жатса Мюнхенден келгенин кара йаа? А мага мындай бакыт буюраар бекен?
0
AZAQATAR
2011-08-10 22:11:57
choto azyraak kelishiptir Avstriya Germaniya degen jaktarda Kyrgyzbaylar kop el..Birok azmatsyn Aydashka men da Qatarda Kyrgyzdardy chogultup biz ishtegen jerde kyrgyzstandyn kunu dep 1 kundu belgilep kyrgyz tamaktaryn jasadyk.
Oshonu da saytka jana gezitke chygaryp bergile urmattuu Superdin jamaaty!!
0
Zamira
2011-08-11 22:49:43
Молодцы!!!
0
Perizatka
2011-08-12 04:58:50
Salamatsinarbi! Ai iyy,men dagi ukkan emesmin.Aitip koisonor sozsuz barmakmin!Kiyinki jolugushuuda,maga dagi aitip koyosuzbu,urmattu Aydashka eje! Molodzi,ayabay jakshi otkoruptursunor! Osmon jakshi konok bolup brdibi? Al Linze ketip jatkanda,men uzatkam,birok "Super-Infonun"joluguwuusuna baratkanin aitkan emes!:-)
0
Perizatka
2011-08-12 05:01:08
Urmattu Avstriyada jashagan mekendeshter! Men dagi Avstriyada jashaim,mumkun bolso nomerinerdi jazip koiboisunarbi,suilowup,dostowolu! Kutom!
0
Narynbek
2011-08-13 01:27:43
Оо сонун жолугушуу болуптур.Өзгөчө смайликтер менен торт аябай жакшы!Азаматсың Айдашка!
0
lara
2011-08-14 02:03:51
OO Nurzida Molodez!Tort shumduk boluptur,Venanyn kyzdary otvechaet da.Chakyrgan Aydashka boorsok jazap tozup aldy eken dese,bizdin Venanyn jigitterinin mashinasy menen uyuno jetkirtip alyp aty kaldy Manaska degendey ele atyn chygaryptyr.Super Jolugushuunun,jonokoy joluguhsuulardan ech kanday ozgocholugu bolboptur.Uluttuk kolorittegi ech nerse kamtylgan emes(tamak-ash,kiyim-keche,oyun zook)
0
NURSULTANNAMAZALIEV
2011-08-14 16:02:31
санкт петербург шаарында качан жолугушат экен ушул жонундо кабар берип койгулачы форумчулар ушул почтага isaevniko@mail.ru аябай жакшы откон сымал австрияда питерде ото турган болсо мен да барат болчумун чыдамсыздык менен кутуп журом жолугушууну.
0
gwen
2011-08-15 04:25:13
Azamattar!!
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан