САГЫЗГАН – КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТҮҮЧҮ КАНАТТУУ

Шакылдаган сагызгандын үнүн кээде угуп калабыз. Анын сайраганын угуп, “бүгүн үйгө конок келет экен” дегендер да бар. Сагызган жалтырак нерселерди өз уясына ташый бергендиги менен да кызыгуу жаратат.

Сагызган жалтырак
буюмдарды уурдоого маш.

ЭМНЕ ҮЧҮН САКТЫГЫНАН ЭМЕС, СУКТУГУНАН ӨЛӨТ?
Ала-була сагызган кыштоочу канаттууларга кирет. Европада, Африканын түндүгүндө, Азияда, Түндүк Америкада кездешет. Кызыгы, булар бир эле уя курбастан, ар дайым бир нече уя салышат. Өздөрү бирөөндө гана уялап, калган уялары үкү же тыйын чычкан сыяктуулардын керегине жарайт. Орнитологдордун айтымына караганда, көп уя салуусу, чыныгы уяны таптырбоо, аңчыларды адаштыруу болуп саналат экен.
Жазында 5-8 балапан басып чыгарышат. Жалгыздан жүрүүнү баалашкандыктан, тобунда 4-5 гана сагызган болот. Сагызган ургаачысын назик үнү менен ырдап багынтат. Кээ бирлери башка канаттууларды дагы туурашат.
Сагызгандын көгүш, кытайлык көгүлтүр, кызыл тумшуктуу жана жашыл сагызган сыяктуу түрлөрү бар. Африканын Камерун өлкөсүндө сагызгандын кашка баш деген кызыктуу түрү жашайт. Аны өз көзү менен саналуу гана адам көргөн. Алгач ирет көргөн адамга сагызган айыкпас илдетке кабылгандай таасир калтырат.
Сагызгандар кээ бир жагдайларда коопсуздук үчүн тобу менен түнөгөн учурлары да кездешет. Ал эми Тибеттеги сагызгандар жалпы бир уя салышары тууралуу маалымат бар.
Уурулук жайы да бар. Мисалы, башка канаттуулардын жумурткасын уурдай качат. Немис изилдөөчүлөрү сагызган күзгүдөн өзүн тааный ала тургандыгын аныкташкан. Алар сагызгандын денесине сары же кызыл боёк сүртүшкөн да, муну алар күзгүдөн гана көрө ала тургандай кылышкан. Ошондо алар кара, актан башка өңдөрдү денесинен кетирүүгө аракет кылгандары байкалган. Бул алардын мээси башка канаттууларга караганда жакшы өнүккөнүнүн белгиси.
Ала-була бул канаттуулар жеген тамагынан ашканын жерге көмүп коюшат. Ошол көмүп койгонун башка канаттуу же айбанат таап жеп жатканын көрсө, аны талашам деп өмүрүн коркунучка калтырган учурлары бар. Андыктан “сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” деген сөз калган. Ири жаныбарлардын үстүнө конуп алып, жүнүндөгү кенелерди терип жешет.

ЖАЛТЫРАККА ЖАКЫН
Сагызган табиятынан жалтырак нерселерге жакын келет. Бул боюнча сагызган жөнүндөгү көптөгөн жомоктордон, жашоодо кезиккен фактылардан биле алабыз. Мисалы, Беларус өлкөсүнүн Новоселки деген айылында сагызгандын уясынан алтын тыйындар табылган. Бул тыйындар XVI кылымда Орусия, Пруссия, Литва жана Польшада жасалгандыгы такталган.

КОРКУНУЧТУ ЭСКЕРТЕТ
Токойдо жашаган сагызгандар аңчылар келе жатканда катуу сайрашат. Муну токой жандыктары коркунуч жакындап калды деп кабыл алып, бекингенге же качканга даярданышат. Ошондой эле аңчы же мергенчилер тоо-токойдо жүргөндө да аларга жырткыч жакындаса, сагызгандар шакылыктап белги беришет. Ушулардан улам адамдарда да сагызгандын сайрашы жамандыктын белгиси катары кабыл алынып калган.
Ал эми Европада “сагызгандар желмогуздан тараган” деген уламыштар бар. Ошондуктан ал жакта бүгүнкү күнгө чейин сагызганды жолуктурганда жамандыкка жорушат. Бирок бир убактарда Улуу Британияда, тескерисинче, сагызган көгүчкөндөй эле символ катары кабыл алынган мезгил болгон.
Сагызганды жубу менен жолуктурганда жакшылыкка жоругандар да бар. Ал эми Кытайда бул ийгилик алып келчү канаттуу катары белгилүү. “Кимде-ким сагызганды өлтүрсө, аны жамандык күтөт” деп келишет кытайлыктар.

Азамат Абдраев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nurjigit
2011-08-08 18:31:35
Анда мени качан жамандык кутту болду экен кытайлардын айтуусунда, себеби мен жашымда канчалаган сагызгандарды олтуруп айылдагылардын рахматын алгам...
бир аз кыстыра кетейин мен дагы болгон окуядан, айылда биз жана кошуналардын баары эле тоок багышат,жаздын куну жаш жожолорун жана тууган жумурткаларын ташып калтырбай калган,эч ким олтуруунун жолун тапай койгон, бир кун суюк чычкан дарыны алдым да шприц менен сордуруп жумурткага куюп тооктун уясына коюп бизди куураткан сагызгандарды мен ку
0
19zamir87
2011-08-10 14:27:40
Чындыгында сагызгандын уясын токойдон көп кездештиресиң.Сагызгандын уясын көргөндө,аңтарып чукулап алтын издеп тапкан эмесмин.Сагызгандын акылдуулугуна,куулугуна таң калам.
0
huba-buba
2011-08-11 13:47:04
ммм...жакшы го анда.
ошол сагызгандардын уясын таап, алтынын алып байыш керек турбайбы ...муктаждарга жардам берууго жакшы нерсе экен...
0
Umar.KG
2011-08-12 03:51:23
мен да куп еле олтургом бала кезимде
0
№ 457, 5-11-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан