Султан Садыралиев: «ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮМА БАЛАМ ДА КҮБӨ БОЛДУ»
Султан Садыралиев 27-июль күнү Казакстанда үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп, элден бата алды. Анда ырчынын таттуу көз ирмемдерине көз чаптырсак.
ҮЛПӨТ ТОЙДОН КИЙИНКИ МАЕК
– Султан, куш бооңор бек болсун. Адатта бир балалуу болуп калган соң үлпөт той өткөрүлбөй да калат эмеспи...
– Ар кимдин шартына жараша десек туура болот го. Жеке мен үйлөнүү үлпөт той тууралуу кыялданчумун, андыктан ата-энебиздин батасын алып кайттык. Туугандарыбызга карап Казакстанда өткөрдүк. Той кеч башталып, Асел үлпөт көйнөгүн түнкү саат 11де кийди. 400 адамдын башын бириктирип, кыялыбызды орундатканыбызга азыр да кубанып турам. Жубайым тараптан өкүл ата, өкүл апалуу болдук. Эми кийинки тойлор жалаң Кыргызстанда өтөт. Мисалы, балама тушоо той берем дегендей.
– Балаң жөнүндө да айтып калдың, чоңоюп калдыбы?
– Оо, ал атасын күндө таңкы беш жарымда ойготот. Үч айга толуп, чоң жигит болуп калды. Тоюбузга да барып күбө болуп келди. Тамаша иретинде айтсам, келгенде “ата, тоюңуз жакшы болду, мага жакты” деп айтты. Тойдун жүрүшүндө да айткан “ата, бүгүн сиздин тоюңуз өтүп жатат, өзүңүздү жакшы алып жүрүңүз” деп (күлүп). Мени тааныйт, кадимкидей талпынып, жүрөгүмдү элжиретет.
– Аселге калың бердиңерби?
– Калыңын былтыр эле берип, бардык жол-жобосун жасап койгонбуз. Канча бергенибизди элге жарыя кылгым келбейт, жубайым тараптан да сеп келген.
– Бири-бириңердин кайсы кемчилигиңерден улам көп урушасыңар?
– Кызгануудан. Бир жолу бирөөдөн мындай СМС келиптир “Сиз менен жолуккан абдан жакты. Ошондогу көздөрүңүз, караганыңызчы?!” деген. Аны Асел окуп алыптыр. Ушул сыяктуу кээ бир менин аша чаап кеткен күйөрмандарымдын оюнан чыгарылып жазылган билдирүүлөрүнөн деле уруша кетебиз. Бирок кийинки күндөрү жубайым да түшүнө баштады. Анткен менен мен да кызганчаакмын. Кимден кызганам билбейм, бирок көчөдөн деле жубайымды бирөө карап койсо, кызганып кетмейим бар.
– Жубайыңды Казакстанга калтырыптырсың...
– Келиндик милдетин аткарып жүрөт. Мен болсо элдик адаммын да, келип кызмат кылайын дедим. Уулум экөөнү ата-энем качан жибергенде келишет. Ага чейин сагынып кетем го эми.
-
Куда-кудагыйлар балдарына тилек айтышууда.
- «Мактанчаак эмесминби, көрдүңөрбү, шакектин баасы жазылган кагазын да албай тагып жатам».
-
«Менин эң сүйүктүү аяшкам».
-
Максат: «Динара эже, бери караңызчы, бул күнү жүздөшпөсөк болбойт го?»
-
Үйлөнүштү, балалуу болушту, той да өттү, Аселдин көңүлү жайында.
-
«Абайлагыла, достор, ыргытып жибербегиле, ээ?»
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (66)
Sultan+Aselya=BAKTYLUU bolgula!En sooonun top keliwken jubailardan, korgon kozdu suktantkan.Tybolukko bir bolgula jana bar bolgula!
аялы жонундо маалымат жазбаптырсынар. каяктан емне болгон личность экенин чукубайсынарбы
aikoledi, бир айылдан, бир мектепте окушканн, озунон эки-уч жаш кичине, мамасы мугалим. Экоосу бир сынартарга барышчу, ошондо Аселдин мамасы жолго деп тамак-аш салып берсе, аны Султан тийишип жеп салчу, Асель ыйлап мамасына айтса, ал Султанды казак деп урушчу, комузга катышып жургон. Дагы ким жонундо маалымат керек?Суперге жумушка кирсемби ыя?
elya2404, Ырыскелди Осмонкулов жонундо маалымат бере аласынбы?
Zamira, Рыся байкебиз быйыл 28 январда 43 жашка чыкты. Улуу баласы Адил, келини Лилия. 2010 8 декабрда дагы уулдуу болгон аты Айбар. Эки небереси бар, Атай, Каныкей. Адил Чекилов жакын досу. Кызыгуусу бильярд ойноо.
Айтайын дегеним Султандын аялы бийге катышчу, а Ырыскелди Осмонкулов вокалдан сабак берет. Пока ушуларды эле билем. :-)
elya2404, Жарайсын!!! Чооон рахмат!
Молодец Султан!!! Бактылуу болгула!!!
ушакчылар ушактабай жакшы каалоонорду жазбайсынарбы
Burul4ik, Биз ушактабай эле суйлошуп жатабыз,каалоо-тилектерибизди айтып.Султан менен Аселянын баласынын ден-соолугу бекем болсун,омуру узун болуп келечекте КЫРГЫЗЫМДЫН керегине жараган мыкты,чыгаан мырзаларынан болсун!деп.
Burul4ik, мен ушактабай элемин, наоборот, мурунку суйгону эмне болду дегендерге, туура маалымат берип койдум!
emnegedir maga sultandyn kelin4egi jaga berbei tyrat...ozyn korsotyoin degenbi ...aitoor ....koment jok
ii basa Sultan bir kyzdy syüyyp al y4yn katyy kaigyga tywyp jyrdy ele go ,al kyz emne boldy?Bilgender barby?
aselina, Озүнөн эле түз сурабайсынбы?
aselina,
ал кызы журот Бищкекте..Жалалабаддан да коргом...башка бир бала менен...аты Бактыгул ал кызы менен ажырашып журуп..дагы бир башка кыз менен журчу ал Бишкектик кыз супер инфого деле чыккан ал кызы жонундо..жон гана жакшы досторбуз деп кутулган аты Аида...экоонун чогу жургонун деле коргомбуз..анысын неге жашырат...
Бактылуу болугула!!!, ар дайым, ар убак..
elya2404, Ырыскелди байкенин Айбар деген уулу жаш келинчегинен экенин билбейсинби
Датка кыз, Эмне,эки аялы барбы?!
Датка кыз, просто жарыя кылгым келген эмес!
5- суротто невестанын отурушу кантет, анан дагы прическасы жакпады, узун чачын бийик кылып жасатса болмок шалпайтпай
Кыргызстанда ырдап жашаганы Казакстан, эй тобоо бизге да Гастарбайтерлер келет экен да??? Тамаша иретинде айттым Султандын куйормандары капа болбогула! Строго не судите!
жена симпотичная,видно с характером,но в любом случае счастья вам!
Да жена симпотичная но видно не простая баба.Видно что она безнастроения думаю это из-за того что свадьба слишком поздно началась в 11 часов вечера но в любом случае пусть живут счастливо и в будущем их ожидали только хорошие радостные мнгновения пусть кудай подарит им кучу детей!
мммдаааа....келинчеги тастан го...тойдо уят болот да бир аз ыймандураак болсо болмок...((((((озуно эле соз тиет.....
бактылуу болгула супер просто