Нурланбек ШАКИЕВ: «КЫРГЫЗ ЖИГИТИНИН КОЙ СОЙГОНДУ БИЛБЕГЕНИ УЯТ»

Нурлан Шаки ев тууралуу эл билбеген фактылар
· Косметикалык каражаттар­ды такыр колдонбойт. Атүгүл сакалын кургак алат.
· Комузду кол ойното чертет.
· Рулда жети жылдык, орозодо эки жылдык стажы бар.
· Тамеки тартпайт.
· “Камасутраны” окуган эмес.
· “Супер-Инфонун” ар бир санын окуйт.
· Ырым-жырымга көп ишене бербейт.

Кыска суроого кыска жооп
– Жактырган саясатчыңыз...
– Исхак Раззаков.
– Спорттун кайсы түрү жагат?
– Футбол, көкбөрү.
– Кимдир бирөөгө күйөр­мансызбы?
– Футболдон “Манчестер Юнайтедге”, көкбөрүдөн “Бөрүлүгө”.
– Жеке машинаңыздын үлгүсү...
– Тойота-Прадо.
– Канча жылдан бери рулдасыз?
– Жети жылдан бери.
– Кандай музыканы жыргап угасыз?
– Рыспай менен Асанкалыйдын ырларын.
– Жактырган саныңыз...
– 13 (анткени, туулган күнүм), 27.
– Сизге эң көп эркелеген адам...
– Эң кичүү иним Сталбек.
– Кайда эс алганды жактырасыз?
– Сары-Челекте.
– Нурлан байке, чын эле кепти сизге жылмайган ийгилик туурасында баштагым келип турат. Март окуясынан соң бийликке келген саясатчылардын жарымынан көбү оппозицияга өтүштү. Сиз болсо былк этпей иштеп келе жатасыз...
– Мындан өзгөчө бир себептерди издештирүүнүн деле зарылчылыгы жок. Март окуясынан соң бийликке келген кадрлардын айрымдары президенттин ишенимин актабагандыгы же милдеттерин так аткарбагандыктары, дагы бирлери жеке кызыкчылыктарды жогору коё баштагандыктары үчүн кызматтан кетишкен. Бул өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
– Ошентсе да, өзүңүздү ийинине бакыт кушу конгон адам катары санайсызбы?
– Кандай айтсам... Өлкө башчысынын ишенимине арзып келе жаткандыгым чын эле ийгилик чыгар. Жалаң эле карьера боюнча эмес, жалпы алып карасак деле өзүмдү бактылуу адаммын деп билем. Анткени, эл ичинде үй-бүлөм, жакындарым менен бирге аман-эсенмин.
– Үй-бүлөңүз туу­ралуу кеп козголгондо сурай ке­те­йин, сизди тааныштарыңыз “өтө эрте үйлөнгөн” дешет...
– Ооба,жыйырма жашымда үйлөнгөм. Быйыл 11 жыл болду. Бир уул, эки кызым бар. Буюрса, дагы балалуу болобуз деп турабыз.
– Жеңебизди кай жерден таап алдыңыз эле?
– Студент кезим болчу. Анда менин сүйлөшкөн кызым бар эле. Бир күнү досум туулган күн өткөрүп калды. Мен өзүмдүн сүйлөшүп жүргөн кызымды ээрчитип бардым. Ошол кечеге Астра аттуу кыз да келиптир. Биз катар отуруп калдык. Сүйлөшкөн кызыма катар анын да көңүлүн алып отурдум. Анткени, ал кыз мага бир көргөндө эле жагып калды. Жанымда башка кыз болгондуктан, ал кечеде Астра менен жакшы сүйлөшө албай калгам. Кийинчерээк жолугуп, отуруп кенен сүйлөштүм. Үч айча сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнүп алдык. Алыс жерден эмес, кошуна райондон үйлөнгөнүм үчүн апам аябай сүйүнгөн. Ошентип студент кезде эле өз эрким менен моюнга каамыт илип алдым.
– Студенттин үй-бүлө багышы оңой болбосо керек...
– Кантип оңой болсун?! Бойдок кезимде өзүмдү ойлондурган темаларда ой-толгоолорду жазып, гезиттерге берип калчу элем. Анан гезиттердин биринен “бизге иште” деген сунуш түшкөн. Өзүм экономисттик билим алып жаткандыктан, алгач журналисттикке хобби катары карасам, үйлөнгөн соң тыйын табуунун булагы катары да көрө баштадым.
– Жатаканада жашагансызбы?
– Ооба, жатаканада эки жыл жашаган соң үйлөнгөм. Анан, баягыдай достор менен эмес, семейный деп бөлмө алып жашап калдым. Ошол бөлмөдө жашап жүрүп уулдуу болдум. Анан “батирден көчтүк батирге” деген жашоо башталды.
– Сиз жубайын өзү менен тең­тайлаштырып, иштетип, өз иштерине да аралаштырчу эркектердин катарына киресизби же?..
– Жакшы суроо болду. Мен жашоодо аялдын өзүнө жараша милдети, эркектин өзүнө жараша милдети бар деп ойлойм. Эркек алдыга койгон чоң максаттарына жетиши үчүн ириде жакшы аялга туш болушу керек. Бул жагынан алганда менин жолум бар экен. Келинчегимдин бир мүнөзү мага майдай жагат. Ал эч качан менин иштериме тоскоол болбойт. Кээ бир аялдарга окшоп эртеден-кечке сүйлөнүп, чарчап келгенимде мээге чай кайнатпайт. Анан, албетте, чолпондой балдарды төрөп, менин ысыгыма күйүп, суугума тоңуп келе жатат. Андай аялга кандай кине коюшуң мүмкүн?!
– Сыртыңыздан караганда мүнөзүңүз оор, салабаттуу көрүнөт. Чын эле ошондойбу же тек гана тышкы көрүнүшпү?
– Балким. Бирок, мен бир эле мезгилде жөнөкөй да, татаал да болуп калам. Негизи, адамдардын жөнөкөйлүгү жагат. Өзүм, базар аралап соода кылып, сауналап жүрбөй, коомдук мончого эле барам.
– Кепти эми балалы­гыңызга буралы. Азыр бакыйган кызмат адамы болгон Нурлан балалыгында кандай эле?
– Мектепте шоктугу жагынан да, сабактан жетишкендиги жагынан да атым чыгып турчу. Сабакты жакшы окуганым, оюн-зоокторго активдүү катышканым үчүн мугалимдер шоктугума көз жумуп коюшчу.
– Азыр кайсы тентек­ти­гиңизди көп эскересиз?
– Ал күндөр жөнүндө сөз болсо биринчи эле отуруштар эсиме келет. Айылдагы отуруштардан калчу эмеспиз. Кара-Жыгач – тоолуу айыл. Кошуна айылдарга барыш үчүн коктуларды аралап бир топ жол басуу керек. Жөө баскыбыз келбей түнкүсүн жайыттарга аркандалган айылдаштардын аттарын уурдап минип кетчүбүз. Анан таң аткыча жыргап көңүл ачып, таңга маал кайра аттарга учкашып-чиркешип келип, баягы алып кеткен жерге аркандап салып, билмексен болуп үйлөргө тарап кетчүбүз.
– Андай отуруштар ичкиликсиз өтпөсө керек. Ичкиликке кандайсыз?
– Ичпейм деп айтпайм. Ыңгайы келгенде арак, сырадан жакшы эле “басып” коёбуз.
– Өзүңүз тоо койнунда өскөн бала экенсиз. Азыр балдарыңыз да айылга барып, ат минип турушабы?
– Албетте. Жыл сайын каникулда балдарды айылга алпарабыз. Мен балдарымдын айрым шаардыктардай болуп козу-улактан коркуп тургандарын каалабайм. Балдарым азыр европалык билим алып, кыргыздын каада-салты менен жашашат. Уулум эл менен “ассалом алейкум” деп учурашат. Алардын орусташып кетишин каалабайм.
– Ошол үчүн балдарыңыздын аттары накта кыргызча экен да...
– Ооба. Уулумдун аты – Абдыганы, кыздарым – Жанайым, Мырзайым. Айрым шаардыктарча «мама, папа» дегизбейм. Балдарым бизди “ата, апа” деп айтышат.
– Анда өзүңүз да кой союп, жилик­теп, устукан тартканды билсеңиз керек...
– Кой сойгонду, кайсы жилик кимге тартыларын билбеген тааныштарым толтура. Жеке пикиримди айтсам, кыргыздын жигитинин кой сойгонду билбегени уят. Азыр уулум төртүнчү класста. Жаштыгына карабай кой сойгонду, жиликтегенди үйрөтүп жатам.

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 309, 3-9-октябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан