Балаңызды 1-2 саатка жоготуп көрдүңүз беле? Тапкыча оюңузга эмнелер гана келбейт, ээ? Анда балканактай уулун жоготуп, айлап издеп, таппай келаткан эне-атанын кайгысы айтпаса да түшүнүктүү чыгар.
Шабдандын ата-энеси Гүлнур менен Таштан.
Үстүбүздөгү жылдын 13-июнь күнү саат 12 чамасында Нарын районунун Эчки-Баш (Он-Арча) айылында 1 жаш 3 айлык Шабдан аттуу балакай дайынсыз жоголгон. Боор этинен жаралган чүрпөсүн издеп жүргөн эненин баяны, арыз-муңуна кулак салалы.
“АК ИЧИП ТОРОЛСУН ДЕГЕНБИЗ”
– Шабданды таенесинин колуна бергенибизге 9 күн болгон. Мен катуу ооругандыктан, уулубузду апам карап бермекчи болгон. Анын үстүнө ак ичип торолсун дегенбиз. Эки небереси менен желе байлап жылкы саап, баары эле тынч болчу. 13-июнь күнү эртең менен адаттагыдай жылкы саап, эки небересин жетелеп короого алып келет. Шабдан короодо ойноп калып, апам сүт ысыта калайын деп экинчи небереси менен үйгө кирет. Беш мүнөт өтпөй чыкса, бала жок экен. Балабыз өтө эле тың, тентек. Чочуркап, бирөөдөн да каччу эмес. Үйдөн алысыраакта чоң суу агат, апам дароо эле сууга агып кетти деп ойлоптур. Ары чуркап, бери чуркап, айласын таппай бизге чалыптыр. Биз шаардан жетип бардык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, сууну буудуруп, шлюздарын жаптыртып, баланы издеттик. Майнап чыккан жок. Караңгы түнгө чейин издеп, эч кандай илинчек таппадык. Бирок Шабдандын сууга агып кеткенине ишенген жокпуз. Беш мүнөттүн ичинде баланын сууга жетиши мүмкүн эмес болчу. Анткени сууга жетчү жол өтө таштак.
“БАЛА ӨҢӨРГӨН АЯЛ...”
– Эчки-Баш айылы Он-Арча деп да аталат. Бул жакта үйлөр аз, көбүнчө маңдай-тескей сарайлар жайгашкан. Бул жакка ар кайсы жактан бээнин сүтүн ичкени адамдар келишет. Айлана-чөйрөдөн сураштырып көрсөк, 4-5 адам чоочун бир аялдын кичинекей баланы атка өңөрүп өтүп кеткенин көрүшүптүр. Эки адам Шабдандын кийип жүргөн кийимдери кандай экендигинен бери айтып берди. Дагы бир эже ал аял баланын башын буруп, бетин бекитип, акырая карап өткөнүн да айтты. Ошол күндөн баштап үмүтүбүз милиция кызматкерлеринде. Арадан бир айдан ашык убакыт өттү, бирок алардан бир ооз жылуу кабар уга элекпиз. Биз бир күн суудан издеп жүрө берип, изин суутуп алдык окшойт. Көргөндөрдүн баары эле “аты да, өзү да чоочун болчу, биздин айылдан эмес” дешүүдө.
“ЧЕТ ӨЛКӨГӨ АЛЫП КЕТКЕНГЕ ДАЯРДАП ЖАТАТ”
– Башыңа жамандык түшсө, оюңдун баарын жаман нерселер ээлеп калат экен. Эч бир жылыш болбой койгондуктан, акыры көз ачыктарга да кайрылууга туура келди. Эң кыйын деген атагы бар эки көзү ачыкка кайрылдык. Биринчиси “баланы чет өлкөгө алып кеткенге документтерин даярдап коюптур. Убактыңар өтө аз... Силердин балаңар уурдалгандардын үчүнчүсү” деп айтты. Экинчисине барганыбызда биринчиси айтканды эле кайталап койду. Эки көзү ачык тең бир эле нерсени айтып жатат. Эки шаардын эки четинде. Бири-бирин тааныбайт. Учурда чек ара кызматтарына да кат жөнөтүп, болгон тиешелүү органдарга кайрылып жатабыз.
“ҮМҮТҮБҮЗ ЭЛ-ЖУРТТА”
– Айлабыз кетип, эмне кылышты да билбей калдык. Кандай максат менен уурдады? Бирөөгө сатуу үчүнбү же чет өлкөгө чыгаргангабы? Уулубуздун курсагы токпу, ачпы? Алты саны аманбы же органдарын алып коюштубу? Азыр уктап жатабы же ыйлап жатабы? Бул суроолордун бирине да жооп таппайбыз. Издебеген жерибиз калган жок. Азыр болгон үмүтүбүз эл-журтта. Көргөн-билгендер болсо, бизге чалып кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз. Кандай маалымат болбосун, кепилдикти толугу менен сактайбыз. Коюлган талаптардын баарын аткарабыз. Балабызды аман көрүп, кайтарып алсак болгону.
ТЕРГӨӨ ИШТЕРИНЕН
Шабдандын ата-энесинин кайрылуусунан улам Нарын РИИБинде издөө иштери жүргүзүлүүдө. Баланын уурдалгандыгы боюнча негиз жетишсиз болгондуктан, кылмыш иши козголгон эместиги да маалым болду.
Аталган РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Улан Турдумамбетов: “Бул иш боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө, издеп жатабыз. Мындан ашык эч нерсе айта албайм”,- деп айтып, телефонун өчүргөнгө шашты.
Мына, окурман, ишенген милиция кызматындагы абал ушундай. Андыктан ата-эненин үмүтү карапайым элде. Көргөн-билгендер болсо, сөзсүз уйкудан калган ата-энеге кабарлап коюшуңуздарды өтүнөбүз.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg
“Демир Интернейшнл Банк”
USD 1180000031400625
KGS 1180000031400726
EUR 1180000031400524
Банкка бара албасаңыздар 0777 94-22-15 номерине (накопительный номер) бирдик жүктөсөңүздөр да болот.
Байланыш телефондору:
Үй номери: 0312 47-51-65, Апасы Эльмира Текбаева: 0552 66-45-03, 0700 95-03-15